Малика Каландарова
Малика Каландарова
| |
| | |
| Төрөлгөндөгү ысымы: |
Мазол Яшуваевна Каландарова |
|---|---|
| Туулган датасы: |
2 -сентябрь 1950 (75 жаш) |
| Туулган жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Кесиби: |
бийчи, актриса, педагог |
| Карьерасы: |
1965 — азыркы учурда |
| Сыйлыктары: | |
| IMDb: | |
Малика (Мазол) Яшуваевна Каландарова (таж. Малика Яшуваевна Қаландарова) — Советтик жана тажикстандык бийчи, актриса, педагог. СССРдин эл артисти (1984)[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1950-жылы 2-сентябрда Сталинабадда (азыркы Душанбе) Самаркандан келген бухариялык жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1965-жылдан Тажик мамлекеттик «Лола» бий ансамблинин, 1980-жылдан Тажикстан филармониясынын ыр жана бий ансамблинин бийчиси (Душанбе).
Ансамблдер менен СССРдин шаарларында жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгон:Ооганстан, Жапония, Испания, Түркия, Индия ж.б.
Ошондой эле тасмаларда роль жараткан.
1993- жылдан бери Нью-Йоркто (АКШ) жашап жана иштейт. Ал бий кесибин улантып, Маликанын Эл аралык бий мектебин ачып, анда жаш кыздарга бий үйрөтөт.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Күйөөсү — Ильяс Гүлкаров, музыкант (дойра аткаруучу). Тажик ССРинин эмгек сицирген артисти
- Кызы — Самира, сүрөтчү, бийчи, транссексуал, мурда эркек Артур болгон[2].
- Уулу — Марк
- 4 небереси бар (2 кыз 2уул).
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1961 — Зумрад — эпизод
- 1970 — Күйөө жана колукту — Гүлнара
- 1971 — Рустам дастаны — фонтандын жанындагы кыз
- 1972 — Өрөөндөгү бороон — Гүлчехра
- 1984 — Шахерезаданын дагы бир түнү... — эпизод
- 1986 — Шахеразаданын жаңы жомоктору — бийчи
- 1987 — Шахеразаданын акыркы түнү — эпизод
- 1989 — Шералы жана Айбарчын — Индия бийчиси
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Малика Каландарова. ТАСС. Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2024.
- ↑ Пусть говорят. Восток - дело тонкое.( 23.04.2015).
