Мазмунга өтүү

Маллаев Алимжан

Википедия — ачык энциклопедия

Маллаев Алимжан (27. 10. 1950, Ош – 18. 12. 2005, Бишкек шаары) – медицина илимдеринин доктору (2004), профессор (2005). КМИИни бүтүргөн (1974). 1974–76-жылдары КММИде клиникалык ординатор, Фрунзе ШКОдо врач-ординатор, хирург (1976–70). Кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы (1980–86). КММИнин хирургия кафедрасынын башчысы (1986–90), Врачтардын билимин жогорулатуу факультетинин ассистенти (1990–99). 1999-жылдан КММИде доцент болуп иштеген. Хирургия боюнча адис. 34 илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 1 методикалык куралы, 2 рационалдык сунуштары бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]