Мазмунга өтүү

Маллицкий Николай Гурьевич

Википедия — ачык энциклопедия

Маллицкий Николай Гурьевич [30 (18). 9. 1873, Оренбург губерниясы, Дедово айылы – 31. 10. 1947, Ташкент] – чыгыш таануучу, тарыхчы, географ, этнограф, археолог, фольклорист, лингвист. География илимдеринин доктору (1945). Өзбек ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945). Оренбург эркектер гимназиясын (1891), Санкт-Петербург педагогикалык институтун (1895) бүтүргөн. Классикалык европалык (немец, француз, англис) жана чыгыш (өзбек, араб, тажик ж. б.) тилдерин билген. 1895–98-жылдары Ташкентте мугалимдик семинария жана эркектер гимназиясынын мугалими, 1901–06-жылдары «Туркестанские ведомости» гезитинин башкы редактору, 1907–17-жылдары Ташкент шаардык өзүн өзү башкаруу башкармалыгынын башчысы, 1918–20-жылдары Элдик университетте, 1920–24-жылдары 1926-жылы Жогорку аскердик чыгыш таануу мектебинде окутуучу, 1924-жылдан Орто Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) доцент, 1926-жылдан кызыл профессор, 1931-жылы түрмөгө камалып, Чымкентке сүргүнгө айдалган. 1934-жылы Ташкентке кайтып келип, Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) география факультетинде профессор, Ташкенттеги Тажик мугалимдер институтунда окутуучу, Өзбек ССР Илимдер академиясынын тарых жана археология институтунда улук ил, кызматкер болуп иштеген. Археологияны сүйүүчүлөрдүн түркстандык кружогунун (ТКЛА), Орус география коомунун (РГО) мүчөсү жана анын окумуштуу секретары (1899–1902), башкармалыктын мүчөсү (1902–06), төраганын орун басары (1906–18), төрагасы (1918-жылдан). Малицкийдин негизги илимий кызыкчылыгы – география жана археология. Ал түркмөндөрдүн скиф-сарматтардан чыккандыгы жөнүндө гипотезанын автору; Орхон жазууларынын түрк уруу тамгалары менен байланышы бар деген идеяны биринчилерден болуп сунуш кылган. Эмгектери: О связи тюркских тамг с орхонскими письменами//ПТКЛА, год 3-й Ташкент, 1897–1898. С. 43–46; Несколько слов о древностях Узгента (историко-археологическач справка)//ТКЛА, за второй год его деятельности. Ташкент, 1897, прилимий к прот. от 16. Х. 97, – С. 8–12.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]