Малышев, Сергей Степанович

Википедия дан

Малышев, Сергей Степанович (1925-ж. т., Ленинград ш.) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Атамекендик согушка катышкан (1943–1945). 1949-ж. Фрунзеде коллекторлорду даярдоочу курсту бүткөн. Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын геол. партияларында коллектор, геолог, отряд начальниги. Кыргызстандагы жаңы кен байлыктарды ачууда ж-а чалгындоодо көп эмгек сиңирген. Экинчи даражадагы Улуу Атамекендик согуш ордени ж-а медалдар менен сыйланган. Калай кендерин ачууда салымы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]