Мальта механизми
Мальта механизми, мальта крести – үзгүлтүксүз айлануу кыймылын үзгүлтүктүү бир багыттагы кыймылга айландыруучу түзүлүш; белгилүү бир технологиялык иш аткаруучу станок-автоматтын, кино көрсөтүүчү аппараттын механикалык системасынын негизги бөлүктөрүнүн бири. Ал сырткы илинчектүү жана ички илинчектүү болуп бөлүнөт. Сырткы илинчектүү мальта механизминде жетелегич звено (кривошип) айланганда, анын тиши биринчи чекитте жетеленме звенонун оюгуна кирет да, жылмышып барып крестти айлантат. Экинчи чекитте жетелегич звенонун тиши оюктан чыгат. Крест токтойт да, кривошиптин тиши айланып, биринчи чекитине жетет да, кийинки узата оюкка кирмейинче жылбайт. Токтоткондо крест өзүнөн өзү айланып кетпес үчүн кривошиптеги урчук кресттин оюгуна такалат. Мальта механизми так приборлордо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7