Мальцев, Виктор Тимофеевич

Википедия дан

Мальцев, Виктор Тимофеевич (1906, Термез ш. – 1972, Киев ш.) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Орто Азия индустриялык ин-тунун геол. факультетин бүткөн (1934). Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Түштүк Ысык-Көл экспедициясында башкы инженер, Кабак, Камень геол. экспедицияларында начальник (1947–64), Казак ССР геол. чалгындоо башкармалыгынын Волков экспедициясында начальник болуп иштеген. Кыргызстандын кен байлыктарын ачууда ж-а чалгындоодо олуттуу салым кошкон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Мамыров, Эрнес (1941-ж.т., Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1991). Москвадагы И. М. Губкин атн. Нефть-химия ж-а газ өнөр жай ин-тунун геология, геофизика ж-а геохимия факультетин бүтүргөн (1965). Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1966–74), Фрунзе политехника ин-тунда гидрогеология ж-а инженердик геология кафедрасынын жетекчиси (1975), «Кыргызмамсуучарба» долборлоо ин-тунда башкы геолог (1976–1986), КРнын УИАнын Сейсмология ин-тунда лаборатория башчысы, директордун илимий иштери б-ча орун басары (1986). Илимий эмгектери негизинен: геохимия, геофизика, гидрогеология, катуу заттардын физикасы ж-а физикалык химияга, ошондой эле жер титирөөнү алдын ала айтуу маселесине арналган. Кыргызстандын аймагын комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштурууга ж-а алардын карталарын түзүүгө активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]