Мамадалиев, Камил

Википедия дан

Мамадалиев, Камил - (Сагынбек уулу) 1981-жылдын 15-сентябрында Талас облусунун Талас районуна караштуу “Хан Бүргө” айылында туулган.

Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон. 1994-жылы “Жаш таланттар” Эл аралык кароо-сынагына катышып, 2-орунга, 1995-жылы ошол эле сынакта кайра экинчи орунга, 1996-1997-жылдары ушул эле сынактарда 1-орундарга татыктуу болгон. 1999-жылы өткөн “Манасчылардын Эл аралык сынагында” жаш балдар арасында 3-орунду ээлеген. 2002-жылы Ш. Шеркулов менен М.Баетовдордун 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” аттуу Республикалык телефестивалында баш байгеге, 2004-жылы “Эл ичи - өнөр кенчи” Республикалык кароо-сынакта манасчылык өнөр боюнча 2-орунга, күмүш байгеге ээ болгон. 2007-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн “Кошой коргон” Республикалык телесынагында 3-орунду жеңип алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]