Мамадалимова Анара
Мамадалимова Анара Өрмөкчү. 1952-ж. Ноокат районундагы ЖарКоргон айылында төрөлгөн.
Атайын орто билимдүү. Китепканачы болуп иштеген. Анын үй жасалгасында сайма төшөк, терме таарлардын ондогон үлгүлөрү, кептакыя өңдүү нускалуу үлгүлөрү этнографиялык бай маалыматтарды берет. Өрмөк согуунун чебери шалча таарларын эндүү (3 м х 85 см х 2 м) жасайт. Мунун өрмөгү 28,5 см болот. Абалы 4 см «сыра көчөтүн» келтирет. 13+13=26 тал аркылуу «чычкан изи» (суу), араларын ажыратуучу «такта» берилет. Анан 8 см «тогуз дөбө көчөтү» түшүп, анын четтерине «суусу», тактасы келтирилет. Ал 1-1,5 смден 4 смге дейре болот. Башкача айтканда, буга тогуз жиптен он жип келет. «Карга тырмак көчөткө» 13+13=26 тал жип берилсе, ал 4,5 смди түзөт. Четки тактасы «суусу» (чычкан иэи) менен кайрадан чалынат. Буга 22+22=44 жипти сарптайт. «Ийрек» (кочкорек) 5 см түшүп, ага 13+13=26 тал жип керек. Анын четине «суусу» менен «тактасына» 4,5 см (22+22=44) түшөт. Уз азыр кызуу узданууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0