Мамаке баатыр Садык уулу

Википедия дан

Мамаке баатыр Садык уулу (1796, Жумгал өрөөнү -1881, Суусамыр өрөөнү; башка маалымат боюнча 1810-ж. туулуп, 1893-ж. өлгөн) - белгилүү манап жана бий, журт атасы.

19-кылымдын башында кулжыгач эли чогулуп жыйын өткөрөт. Ал жыйында чал уруусунан Мамаке баатыр сөз алып: «Суусамырдын суусу балыкка бай, өрөөнү малга жайлуу жайыт, өзөнүндө карагат, кожогат мөмөлөйт, тоолору бийик келип, анда аркар-кулжа жана эчки-теке мекендейт. Ушул жерди ата конуш кылып албасак болбойт» - дейт.

Анткени Суусамырга кетментөбөлүк түнгатар, түнтөй эли, чүйлүк солтолор, тигил жагы казактарга чейин кызыгып жүрүшкөнүн айтат. Андан соң кулжыгач уруусунан Дыйканбай сөзгө аралашып, «кимиңер Суусамыр тарапка ооп, кимиңер бул Жумгалда каласыңар?»- деп сурайт. Кедей уулу Байзак ажы сөз алып, «биз итемгенден тараган балдар, Жумгал атада эле калабыз. Күрүчбек эненин балдары Суусамырга кетебиз десеңер кете бергиле»деп жыйынтыктайт. Жыйынга келгендер өз ара баталашып тарайт.

Ушундан көп өтпөй Кулжыгачтын Күрүчбек байбичеден тараган уруулары Суусамырга көчүп келип, отурукташат. (Ш. Кулуев Эл-жер баяны, Бишкек. -2007).

Алгачкы көчүп келген жылдары күрүчбек эли өтө эле кедей болгон дешет. Ошол учурда бай деген адамы эле жолуке уруусунан тараган Эраалы болгон экен. Мамаке Эраалыга барып: «Эраалы сен туугандарың менен кеңешип, калган туугандарга дагы, саандан, аяк улоодон жардам бергиле, элдин абалы кыйын, эки-үч жыл өтсө алар да малдуу-жандуу болот, ошондо кайтарып берер»- дейт. Бирок Эраалы туугандары менен кеңешип, кайра Жумгалга көчмөй болушат. «Болбосо, бул кедейлер бизди да улантпайт» - деп, көчө башташат. Мамаке бул сөздү угуп, «келээрин келип алып, кайра Жумгалга кетем дегениңер эмне? Кедейдин кусуру уруп малыңан ажырап калба» - деген экен. Мамакенин ушул сөзү туура келип, Эраалы кийин бүт малынан ажырап, ыза, кордук көрүп, Жумгалдан бүт туугандары менен кайра көчүп келет. Ошондо азыр жолуке уруусу турган жерди (Тунук айылы) Мамаке бериптир. Бул учурда Суусамырга көчүп келген эл малдуу болуп, тыңып калган экен. Мамаке суусамыр элине баш-көз болуп калган мезгилде жаныш уруусунан чыккан Жаналынын күлүк торала атына жумгал элинин бийи Осмонбектин көзү түшүп калат да, бир күнү эки-үч кишиси менен Суусамырга келип күлүктү зордоп алып кетет. Бул кабар Мамакеге жетип, Осмонбектин артынан кууп жетип, Жумгалга жеткизбей аны атынан оодара тартып, тебетейинин төбөсүн оюп, чапанынын этегин кыйгачынан кесип мазактап, күлүктү кайра Суусамырга алып жүрө берет. Бул окуядан кийин Осмонбек бий аябай намыстанат да, Суусамыр суусунун жээгиндеги Келдей деген жерге терең ор каздырып, Мамакени орго салдырат. Орго салынаарын билген Мамаке ычкыр кашатына билгизбей жылкынын бир кабыргасын катып, жаманбай уруусунан Төбөй деген менен сүйлөшүп, «бир нече күндөн кийин мен ордон чыгамын.

Чыгып көйнөгүмдү сен тарапка булгалайм, ошондо даяр тур» - дейт. Төбөй күлүк айгырын минип, Мамаке салынган ор тарапты акмалап, боз үйдүн жыгачын даярдап атам деген болуп токойдо жүрөт. Бир нече күндөн кийин, Мамаке жылкынын кабыргасы менен тепкич казып ордон чыгып, көйнөк булгалайт. Даяр турган Төбөй аты менен жетип келип, аттын куйругун карматып. Мамакени Суусамыр суусунун аркы өйүзүнө алып өтүп кетет. Кароолчулар кирип турган суудан өтө албай кала беришет.

Кутулган Мамаке баатыр Ан-жиянга кетип жатып элге айткыла, «эгер эле элге күч келсе, Таласты көздөй көчкүлө. Ал жердин тоолору, жашоо шарты Суусамырга окшош» - деген экен. Ошондон кийин Суусамырда жашаган кээ бир үй-бүлөлөр Таластын Караколуна оогон экен. Суусамырлыктардан азыр да Таластын Конезаводунда 100дөй түтүн эл жашайт. Мындан кийин Мамаке Ан-жияндан Талас аркылуу Чүй өрөөнүнө өтөт, Солтонун манабы Жангарач менен жакшы алакада болот. Осмонбек бийден чочуган Мамаке инилери Абадан менен Өмүкени да Чүйгө көчүрүп келип, азыркы Сокулук районундагы КүнТуу, Карасакал айылдарын (Кур-Көңдөй жайлоосу) туур тутуп калат. Бул жерде иниси Абадандын көзү өтөт. 50 жашка жетпей кеткен.

Абадандын сөөгү КүнТуу айылынын түштүгүндөгү Кур-Көңдөй тоосунун этегинде Көнөк суусунун батыш жээгиндеги бейитке коюлган. Ошентип, Мамаке Сары-Өзөн Чүйдө бир топ жылдар жашап калат. Ошол мезгилде Мамаке Жангарач бий менен өз ара сүйлөшүп, Жангарач Мамакенин атынан кырк жылкы даярдап Кокон хандыгынын алдынан өтөт да, Суусамырды Жумгал бийлигинен бөлдүрүп, анын мөөрүн алат (Ж. Найзабеков «Мамаке баатыр»). Чомой баатырдын бир тууган эжеси Күмүш Канайдын көрөр көз токолу болгон экен (А. Стамов. «Чомой баатыр»). Андыктан Жангарач күрүчбек элине куда-сөөк болгон.

Канай бийдин токолу Күмүштөн туулган балдар Сокулукта жашап, өздөрүн «күмүш» уулубуз дешет. Бийликтин мөөрүн алып келген Мамаке, чал уруусунан Омордон тараган Алыбекке, «жашыбызга карап Сиз Суусамырга бий болуңуз»,дейт. Бирок Алыбек, «мен бий боло албайм, бул cara жарашат, өзүң бол»,дейт. Ушундан баштап Мамаке баатыр Суусамырга бий болуп калат да, өмүрү өткүчө Суусамырда жашап калат. Өлгөндө сөөгү Жоо-Жүрөк өрөөнүнө коюлган.

Суусамырда өзүнчө бийлик орнотуп, эл-жери үчүн баа жеткис эмгек кылган, күрүчбек эли атка кондурган чал уурусунан чыккан Мамакенин көзү өткөндөн кийин жалпы эле суусамыр элинде кимдин аты байгеге чыкса да, Мамаке деп анын арбагына ураан чакырып келишкен. Бул ураан 1960-жылдарга чейин уланган.

Мамаке баатыр ж-дө анын урпагы Жумасан Найзабековдун китебинде толук баяндалат. Мамаке Садык уулу - Суусамыр өрөөнүнө калкты биринчи отурукташтырып, өзү алгачкы бий бо луп, Суусамырды жердеген элди күрүчбек эли атына кондуруп, журт атасы аталып, эли-жерине баа жеткис зор эмгек сиңирген баатыр инсан, Суусамырдын негиздөөчүсү деп айтсак да болот.

Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9