Маматов Турдубай
Маматов Турдубай 1936-жылы 6-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.
- 1960-жылы Көк-Арт орто мектебин, 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика-математика факультетин аяктаган.
- Эмгек жолун 1965-жылы Үч-Коргон районундагы Пушкин атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштеп баштаган.
- 1966-1974-жылдары Фрунзе районуна караштуу Хашмион орто мектебиндеги бюджеттик интернатта жетекчи, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор, башчысы, Ломоносов атындагы орто мектепте директор, Хайдаркандагы мектеп-интернатта директор,
- 1974-1989-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №9 орто мектепте директор, Жалал-Абад шаарындагы A. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, ОблОНОдо инспектор,
- 1989-жылдан Октябрь кыштагындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө директор болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан.
- “Эл агартуунун отличниги” Бир нече Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3