Мамбетакунов Молдосейит
Мамбетакунов Молдосейит ( 5. 11. 1952-жылы туулган, Нарын областы, Ат-Башы району, Кошой айылы) – режиссёр, доцент (2009), профессор (2011), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1993), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2002). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн (1977). Кыргыз телерадио комитетинде режиссёрлукка ассистент (1977–78), режиссёр (1978–80), башкы режиссёр (1980–90), программа боюнча директор (1990–91), Чүй обл. Телерадиокомпаниянын төрагасы (1991–96), КТРдин биринчи вице-президенти (1996–2001, 2002–05), президенти (2001–02), КМИИде окутуучу (2000–05), бөлүм башчы, профессор (2006–08), проректор (2008–09), М. Кашгари атындагы университеттин журналистика бөлүмүнүн окутуучусу, профессор (2003–06), Евразия телеакадемиясынын жана Кыргыз киноакадемиясынын академиги (2004-жылдан), «Казына» радиосунун режиссёру (2005–07), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2007–08), доцент (2008–10), кафедра башчысы (2010–11) болуп эмгектенген. «Көч» даректүү фильми үчүн Эл аралык кинофестивалдарда баш байгени жеңип алган жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7