Мамбеталиев, Сулайман

Википедия дан

Сулайман Мамбеталиев (1928-жылдын август айы, Эчки-Башы айылы -- 2021-жылдын 21-декабры, Эчки-Башы айылы) – кыргыздын белгилүү журналисти жана публицисти.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман Мамбеталиев 1928-жылдын август (баш оона) айында Кыргызстандагы азыркы Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн курамындагы Эчки-Башы кыштагында туулган. Улуту кыргыз.

Атасы Мамбеталы Черикчи уулу (1945-жылы өз айылында кайтыш болгон) - тынымсейит уруусунун карбоз уругунан болот. Ал колунан көөрү төгүлгөн уста болгон.

Энеси Жумабүбү Үркүмбай кызы он үч бала төрөгөн, бирок көбү чарчап калган. Карындаштарынан жалгыз гана Какен Мамбеталиева эрезеге жетип, кийинчерээк ал кыргыздын туңгуч этнограф айымы болуп калды.

Сулаймандын бир тууган байкеси Дүйшөмбүнү Сыя деген агасы багып алыптыр. Дүйшөмбү Улуу Атамекендик согушка катышып, 1945-жылы 7-майда (согуш айактаарына эки күн калганда) окко учкан.

Балалык чагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катаал мезгилине туш келген.

Эмгек жолун адегенде Нарын РПСинин эсепчиси болуп баштаган.

Кийин Кыргызстан Нарын РК КП эсепчиси (учетчик), Нарын РК ЛКСМ каттоо секторунун башчысы, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Нарын РК ЛКСМдин 2-катчылыгына чейини көтөрүлөт.

1948-жылы “Тянь-Шань правдасы” гезитинин бөлүм башчысы болот.

1949-52-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөйт. Аз жерден аскердик окууга өтүп кала жаздап, 25 жыл бою аскер кызматын Кыргызстандан тышкаркы жерде өтөө ыктымалдыгынан улам чочулап, бул оюнан кайтат.

1952-жылы аскерден кайтаары менен Тянь-Шань облустук (азыркы Нарын облустук) радио уктуруусунун башкы редактору кызматына дайындалат.

1954-жылы Кыргыз радио комитетинин “Акыркы кабарлар” редакциясынын жооптуу редактору болуп которулат.

1959-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, андан соң адабий катчысы болуп дайындалат.

1962-жылы Нарын облустук “Нарын правдасы” гезитинин партиялык бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчысы болуп иштеп, андан соң редактордун биринчи орун басары кызматына чейин көтөрүлөт.

Тянь-Шань райондук (Нарын райондук) “Жеңиш" гезитинде да кыйла жылдар эмгектенген.


Үй-бүлөсү. Соңку өмүр жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Мамбеталиев жаш кезде баш кошкон биринчи жубайы - Бейшекан Мамыркан кызы. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда байырлаган "жедигер" уруусунан болот. Мамыркандын иниси Жунушбайдын кызы Тенти (Адышева) – кыргыздын 20-кылымдагы чыгаан акын кыздарынан.

Бейшекан 1948-жылы тун уулду (Сагындык) төрөп берди. Жубайлар 1950-жылы Сүйүндүк деген уулдуу болушту.

Жубайлар уулдарынан башка беш кызды (Роза, Гүлмира, Жамийла, Фатима, Калима) аман-эсен чоңойтушту. Башка үч кызы болсо эрте чарчап калды.

Бейшекан Мамыркан кызы 2004-жылы 16-июлда көз жумду.

Соңку ондогон жылдардын ичинде С.Мамбеталиев экинчи жубайы менен Эчки-Башы суусунун Он-Арча өзөнүнө куймасынын оң ыптасында, Он-Арча суусунун боюнда жайгашкан “Эсенаман” дыйкан чарбасында байырлап, чыгармачылык менен алектенип жүрдү.

Ал 2021-жылдын 21-декабрында өзү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында дүйнөдөн кайтты.
Жергиликтүү салтка ылайык, аны 95 жашында каза болду, деп жарыялашты. Маркумдун сөөгү Эчки-Башыда буга чейин көзү өткөн биринчи жубайы Бейшекандын, уулу Сүйүндүктүн, небереси Баатырбектин жанына коюлду.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Мамбеталиев Нарын шаарынын жергиликтүү (шаардык) Кеңешине депутат болгон.

Ал Кыргызстан Журналисттер Союзунун төртүнчү жана бешинчи курултайларына делегат болуп шайланган.

Достору. Даңазалуу замандаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.

С.Мамбеталиев өз айылдаштары - манасчы Дуңкана Кочуке уулу, коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, кыргыздын чыгаан акын кызы, маркум Жумакан Тынымсейитова, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, генерал Бейше Молдогазиев, композитор Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева, мугалим Өмүр Абдыкадыров сыяктуу бир катар замандаштары менен сыймыктанып, өмүрү өткүчө алардын салымдарын даңазалап келди.

Карындашы Какен жана кызы Гүлмира[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнолог, тарыхчы Какен Мамбеталиева (1980-ж.).

Сулаймандын бир тууган карындашы, тарыхчы жана этнограф Какен Мамбеталиева кыргыз этнография илимине бараандуу салым кошкон илимпоз айым болду.

Какен 1980-жылдардын башында, доктордук диссертациясын жазууну аяктап жаткан чакта, катуу ооруп калды.

1984-жылы, кырк сегиз жашында, илимий жогорку сересине көтөрүлүп, чыгармачыл мектебин ого бетер өркүндөтөөр күлгүн чагында, Какен дүйнөдөн кайтты.

2011-жылдан тартып Нарын шаарындагы чөлкөм таануу музейи Какен Мамбеталиеванын ысымын алып калды.

2007-жылы, 2009-10-жылдары жана 2012-,2016-жылдары Бишкекте Какен Мамбеталиеванын элесине арналган эл аралык илимий жыйындар болду.

Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган жыйын. Бишкек. 19.5.2012.

Кызы Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956-ж., Фрунзе - 25.4.2017, Бишкек) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, таланттуу окумуштуу жана меценат айым эле.

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956 - 25.4.2017).

Тил билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Мамбеталиев кыргыз (эне тил), орус (өздөштүрүлгөн тил) тилдерин мыкты билген.

Ал тууралуу ар кыл пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман Мамбеталиев кыргыздын далай чыгаан журналисттеринин телчигишине салым кошкон. Анын устаттык эмгегин шакирттери ырааттуу түрдө жогору баалап келишкен.

Анын шакирттеринин арасында акын Шайлообек Дүйшеев, жазуучу Бейшебай Усубалиев, журналисттер Өмүрбек Дөлөев, Кубанычбек Чороев, Жедигер Саалаев, Кабыл Макеш, Кубат Чекиров, ж.б. бар.

Жазуучу Кеңеш Жусуповдун пикири:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Сулайман Мамбеталиев агабыз бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасынын кадыр-барктуу аксакалы, өмүрүнүн көбүн улуттук басма сөздө эмгектенди жана анын деңгээлин өстүрүүгө жумшады”.

Акын Шайлообек Дүйшеевдин "Сулайман тегин ат эмес" деген ыры:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Малынып бирөө жалганга,
Маасысын сатып сандалга.
"Манасы" тургай бул күндө,
Макала чыкпай калганда
Макел дөө сезген далайлар,
Маң болду батып арманга.

Калтаартты жашын, карысын,
Канжолдо даңкан салышың.
Касиет бар да каныңда,
Катуулап чыкты дабышың.
Калдайган Теңир Тоонун сиз,
Калемге кайрап намысын.

Сураксыз жаткан таш эмес,
"Сугатсыз" жаткан мас эмес,
Сурагы бузук заманда
Сумсайып калган аз эмес.
Суу башы болсун деп койгон
Сулайман тегин ат эмес.

Келип тур, байке эсебиң,
Кеменгер жан деп сеземин.
Кээ бир чал жүрсө миналбай
Кепичи менен эшегин.
Келишкен китеп чыгарып
Кекирип турган кезегиң.

Сексендин таппай эсебин,
Селейип сүйрөп этегин.
Сенделип бүгүн далайлар,
Серпалбай жатса тезегин.
"Селт" этип койбой сен байке,
Секирип жүргөн кезегиң…»


(Авт. Шайлообек Дүйшеев).

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«В.И.Лениндин туулгандыгына 100 жыл» медалы.

«Улуу Ата мекендик согушка кырк жыл» медалы.

«Каармандык эмгеги үчүн» медалы.

«Эмгек ардагери» медалы.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы

Бүткүл союздук Радиокомитетинин Ардак грамотасы

СССР ДОСААФынын Ардак грамотасы

Кыргыз телевидение жана радиосунун отличниги

"Нарын районунун Он-Арча айылынын ардактуу атуулу" наамы

2003-жылы ага «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Анын атындагы журналисттик сыйлык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын соңунда Кыргызстан Журналисттер Союзунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгы уюштурулуп, 1998-жылдан бери бул сыйлык Нарын облусунун көрүнүктүү журналисттерине ыйгарылып келди.

Бул сыйлыктын ээлеринин арасында Өм үрбек Дөлөев, Таалайбек Дүйшөналиев, Дамир Калыков, Сагын Жуматаев, Бурулсун Дыйканбаева, Барктабас Белеков, Темиркан Токтоев, Сайрагүл Касымова, Ракым Асылбаев, Кайып Мамбетов, Талгартбек Мажиев, Курманбек Жумагазиев, Тынчтыкбек Султанов, Жусуп Акиев, Шайлообек Дүйшеев, Султан Жумагулов, Турганбек Шайыков, Шаршеева Качкын, Ибраева Жаркын, Эсенканова Нурзат, Шеримбеков Бөлөкбай, Калыков Бейшенбек, Мүсүралиева Назгүл ж.б. бар.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамбеталиев Сулайман. Тянь-Шандын бийик тоолорунда. - Фрунзе: Кыргызмамбас., 1958. - 35б.
  • Мамбеталиев Сулайман. Сатиралар // Турмуш менен адымдап. Ангеме, очерк, сатира. - Фрунзе: "Кыргызстан басмасы", 1964. - 123б. (Мында: 23-25-беттерде).
  • Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2006. – 480 б. – ISBN 9967-23-866-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Мамбеталиев Сулайман.Калк атасы кан Кошой // Улуу инсандарга урпактардан таазим / Түзгөн А.Салымбеков. - Б.: "Турар", 2010. - 244б.+2,625б. (Мында: 7-30-беттерде. – ISBN 978-9967-444-51-5.
  • Мамбеталиев Сулайман. Кыргыз радиосу элүүнчү жылдарда // Кыргыз үнү - Кыргыз радиосу. Кыргыз радио бирикмесине - 80 жыл / Жыйнакты түзгөн Кайрат Иманалиев. - Б.: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, 2011. - 252б. (Мында: 51-бетте)- ISBN 978-9967-429-76-4.
  • Мамбеталиев Сулайман. Торгой саа кылбасам. Айтканы айткандай келип туру // Жумакан Тынымсеитова. Тандалма жыйнагынын 2 томдугу / Түзгөндөр Рая Султаналиева, Гүлжан Субанбекова. II-том. - Б.: "Мукай", 2012. - 304б.(Мында: 264-269-беттерде). – ISBN 978-9967-13-879-7.
  • Мамбеталиев Сулайман. Көңүл кайрыктары. Ырлар жыйнагы. - Б.: "Турар", 2012. - 184б. – ISBN 978-9967-15-176-5.
  • Мамбеталиев Сулайман. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков) - Б.: "Турар", 2013. - 320б. – ISBN 978-9967-15-280-9.

Ал жана анын доору тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Абакиров Барктабас. Журналист Сулайманга // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 390-бетте). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Абакиров Барктабас. Суке! // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 390-бетте). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Адашканова Данакан. Бактылуу жубайлардын портрети // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 426-427-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Акиев Жусуп. Өрнөктүү өмүрдүн өчпөс изи // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 188-192-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Акматалиев Алмаз. Терең дайра шашпай агат // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 210-212-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Асылбаев Ракым. Мамбеталиевдин мектеби // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 397-399-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Ашыралиев Кемел. Аганы көрүп, ини өсөт // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 193-бетте). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Дөлөев Өмүрбек. Жылдыздай бийик, бирок билинбеген...// Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 445-446-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Дөлөев Өмүрбек. Белоруссияда бир жүргөнбүз же 58 жыл биргебиз // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 449-452-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Дүйшеев Шайлообек. Редакциянын локомотиви // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 407-410-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Дүйшеев Шайлообек. Он-Арча энциклопедиясы // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 3-12-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Дүйшеев Шайлообек. Сулайман тегин ат эмес // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 194-195-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Дүйшеев Шайлообек. Сулайман аганын бир араба сабизи жана "жалгыз көздүү" Нарындагы адам // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 195-200-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Дүйшеев Шайлообек. Агындылар. - Б.: "Учкун", 2013. - 523б. (Мында: 361-бетте). - ISBN 978-9967-17-027-8.
  • Дүйшөналиев Таалайбек. Эстейсиң жол уч-кыйырын, өмүр чыйырын...// Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 447-448-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Дыйканбаева Бурулсун. Өмүр көктөмү // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 400-406-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Жекшелаев Кадырбек, Мукамбетов Сталбек. Бугу уруусунун тарыхый инсандары. – Б.: «Максат», 2015. – 420б. (Мында: 325-326-беттерде). – ISBN 978-9967-13-776-9.
  • Жеңишбек Жумакадыр. Сулайман деген чоку бар // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 237-238-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Жумагул уулу Султан. Чыныгы интеллигент // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 201-202-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Жусупов, Кеңеш. Каралдым, тоолор. – Ф.:"Кыргызстан", 1967. – 96 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Тоолуктар баяны: Аңгемелер, повесттер, эссе. – Ф.: "Мектеп", 1984. – 353 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: "Бийиктик", 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0.
  • Жусупов Кеңеш. Ак Тилек // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 386-389-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Жусупов Кеңеш. Окурманга алгы сөз // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 3-4-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Иманалиев Кайрат. Нарк // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 245-250-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Исмаилов Чынгыш. Журналист, белгилүү жазуучу, таанымал инсан // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 271-273-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Исмаилова Кайыр. Закымдап кеткен элестер // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 391-393-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Исмаилова Кайыр.Ат койгонбуз // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 393-394-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Кадырмамбет уулу Жумамүдүн. Бар болуңуз, байке! // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 239-244-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Калыков Дамир. Мен алгачкы сыйлыгынын лауреатымын // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 203-204-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Карпеков Вадим. Сукемдин биринчи окуучусу болчумун // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 213-216-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Касенов Шаршен. Чыныгы күйөрман // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 205-206-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Касымова Сайрагүл. Ардагер журналист (Сулайман Мамбеталиевдин 80 жылдыгына карата) // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 207-бетте). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Кашымов Турат. Залкарлар жана замандаштар - Көркөм популярдуу басылма - Б.: "Турар", 2013. - 244б (Мында: 149-бетте). - ISBN 978-9967-15-236-6.
  • Койчуманова Ташбүбү. Сулайман куда // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 208-бетте). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Мааткабылов Ырысбек. Өмүрү өрнөк инсан // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 274-276-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Макешов Кабыл. Уучу узарган устат // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 428-430-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Макешов Кабыл. Устаттын үлгүсү // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 209-211-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Мамбеталиева Гүлмира. Ата сыймык, акыл кенчи // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 217-228-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Молдогазиев Бейше. Көч башы // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 414-417-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Муралиев Амангелди. Акыл сандыгы // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 212-213-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусуна 70 жыл. Энциклопедия / Башкы редактору Бакашов М.А.; Ред. Кеңештин төрагасы Суваналиев Ө., Айдаралиев Т. – Б.: «Бийиктик», 2009. – 296б. (Мында: 228-бетте). – ISBN 978-9967-13-609-0.
  • Осонов Турдубек. Менин эмгек китепчемдин алгачкы барактарын жазган // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 421-422-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Рыспаев Курманбек. Мыкты устат // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 254-256-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Саалаев Жедигер. Кантип "күбөлүктүү" кабарчы болгом // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 418-420-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Сагындыков Үсөн. Кыярган таңкы бүрүлдө // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 395-396-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Салымбеков Аскар. Көлдөй терең инсан же "немис" кайын ата // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 206-209-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Салымбеков Мамытбай. Куданын кудурети // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 214-216-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Салымбеков Улугбек. Таятама таазим же таятамдын сабактары // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 217-221-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Сарыгулова Бурулкан. Журналист Мамбеталиевдин сүрү // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 226-227-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Саякбаева Канышай. Эл кадырлаган коомдук ишмер // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 251-253-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Сулайманова Гулнур. Чоң атам - таалим-тарбия академиясы // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 229-233-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Султаналиева Роза. Сизди көрсөм, апамды эстейм...// Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 261-264-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Султанбаев Абдыкадыр. Кажыбас калемгер // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 277-284-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Султанов Тынчтык. Калкына кадырлуу калемгер // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 222-225-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Суранова, Күмүш. Он-Арча. Бишкек, 1993.
  • Суран кызы Күмүш. Кут болсун кутман курагың // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 423-425-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Табылды Актан. Жакшынын жарыгы өчпөйт // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 265-267-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Тиленбаев Чолпонбек. Кутман курак кут болсун! // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 268-270-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Токтоев Темиркан. Биз агайдан улуубуз // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 431-433-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Турапов Керим. Искусствону баалаган инсан // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 439-440-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Түркмөнов Сайыргазы. Руханий устат // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 228-229-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Тынчтыкбек Чоротегин. Теңир-Тоолук интеллектуал // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 236-239-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Усубалиев Бейшебай. Аксакал // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 411-413-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Усубалиев Бейшебай. Жүрөк // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 3-22-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Үмөтов Эрмек. Устат тууралуу учкай кеп // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 434-438-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Чекиров Кубатбек. Сулайман Мамбеталиев калемимди учтап берген // Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: АКК "Кыргызполиграфкомбинат", 2006. - 480б. (Мында: 441-444-беттерде). - ISBN 9967-23-866-6.
  • Чороев Кубанычбек. Устат // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 230-235-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Чуйтиев Насыр. Карысын кадырлаган калк кор болбойт // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 257-260-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.
  • Шайыков Турганбек. Сукем // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 240-242-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Шаршебек Долкун. Эки элдин данакери // Мамбеталиев Сулайман. Баян: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти басмадан чыгарууну каржылаган Аскар Мааткабыл уулу (Салымбеков). - Б.: ЖЧК "ALBINO LTD", 2008. - 282б. (Мында: 243-244-беттерде). - ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Шаршебек Сыдык. Шаршебек уулунун өмүрүнөн баш эстеликтер // Башкы ред. Толкун Шаршебек; түзүүчүлөр Толкун Шаршебек, Улан Шаршебек, Жеңиш Шаршебек, Бакыт Шаршебек. - Шин-Жянь: "Хайян түстүү басмаканасы", 2006. - 175б. (Мында: 136-бетте).
  • Ырсалиев Жамалбек. Журналисттердин устаты // Сулайман Мамбеталиев. Кылымдар кыйыры. Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Улугбек Аскар уулу (Салымбеков). - Б.: "Турар", 2013. - 320б. (Мында: 234-236-беттерде). - ISBN 978-9967-15-280-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]