Мамбеталиева, Гүлмира Сулаймановна

Wikipedia дан
Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956 - 25.4.2017) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер


Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (орусча - Гульмира Сулаймановна Мамбеталиева; англисче - Gulmira Mambetalieva; 29.01.1956-ж., Фрунзе (азыркы Бишкек) ш. - 25.4.2017, Бишкек ш.) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер айым, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), профессор, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, демөөрчү.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева 1956-жылы 29-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте журналисттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы - белгилүү кыргыз журналисти Сулайман Мамбеталиев.

Кыргызстандын Нарын шаарында №2 В.П. Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган.

1977-ж. КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетин аяктаган.

1986-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл-чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкер болгон.

Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

2008–жылдан Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын профессору.

2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

2017-жылы 25-апрелдин таңында Бишкекте узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Сөөгү Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 27-апрелде жерге берилди.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Өмүрлүк жолдошу – белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков.

Алардын тун уулу Улукбек Салымбеков – ишкер,Кубатбек Салымбеков - студент.

Гүлмиранын атасы – белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын роайонундагы Он-Арча айыл аймагына таандык Эчки-Башы кыштагынан.

Гүлмиранын аталаш эжеси – кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева (ал Сулаймандын карындашы болгон).

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган.

100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – 5тен ашуун монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм”, ошондой эле Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылып чыгарылган илимий макалалар бар. Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган. Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы - оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.

Бир катар кыргызстандык университеттерде дарс окуган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Маркум Гүлмира Мамбеталиеванын ысымы Кыргызстандын Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын түштүк-чыгышындагы "Кой-Таш" эс алуу жайына берилээрин анын күйөөсү, ишкер Аскар Салымбеков 2017-жылы 27-апрелде калайыкка жарыя кылды.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Феномен оптимизации в контексте глобализации» (2007).
  • «Содружество наций как фактор политических процессов в странах-участницах: азиатское измерение» (2008).
  • "Процессы интеграции и демократизации в современном мире" (2010).
  • "Государственные системы современности: сравнительный анализ" (2011). (Соавтор - Т.О. Ожукеева, А.Ш.Кадыралиева)
  • "Глобальное измерение демографии, миграции, экологии" (2012).
  • "Акторы мировой политики" (2012).
  • "Саясат таануу / Политология" (2014). (Соавтор - Акунов А.А.)
  • "Политология" (2015). (Соавтор - Акунов А.А., Кангелдиев А.Н.)
  • "Адам укуктары, демократия, бийлик" энциклопедиялык сөздүк (2015). (Соавтор - Акунов А.А.)

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бектурганова Күлбүбү. Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 416б. (Мында: 377-383-беттерде). – ISBN 9967-14-040-2.
  • Жекшелаев Кадырбек, Мукамбетов Сталбек. Бугу уруусунун тарыхый инсандары. – Б.: «Максат», 2015. – 420б. (Мында: 165-166-беттерде). – ISBN 978-9967-13-776-9.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.


Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева (1940-2014). Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев, Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.
Кыргыз тилчи жана адабият таануучу, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова Улуу Британиянын Кэмбриж университетиндеги жыйында. 20.9.2011.