Мамбеталиева, Гүлмира Сулаймановна

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956 - 25.4.2017) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер


Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (орусча - Гульмира Сулаймановна Мамбеталиева; англисче - Gulmira Mambetalieva; 29.01.1956-ж., Фрунзе (азыркы Бишкек) ш. - 25.4.2017, Бишкек ш.) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер айым, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), профессор, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, демөөрчү.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева 1956-жылы 29-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте журналисттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы - белгилүү кыргыз журналисти Сулайман Мамбеталиев.

Кыргызстандын Нарын шаарында №2 В.П. Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган.

1977-ж. КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетин аяктаган.

1986-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл-чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкер болгон.

Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

2008–жылдан Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын профессору.

2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

2017-жылы 25-апрелдин таңында Бишкекте узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Сөөгү Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 27-апрелде жерге берилди.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Өмүрлүк жолдошу – белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков.

Алардын тун уулу Улукбек Салымбеков – ишкер,Кубатбек Салымбеков - студент.

Гүлмиранын атасы – белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын роайонундагы Он-Арча айыл аймагына таандык Эчки-Башы кыштагынан.

Гүлмиранын аталаш эжеси – кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева (ал Сулаймандын карындашы болгон).

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган.

100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – 5тен ашуун монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм”, ошондой эле Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылып чыгарылган илимий макалалар бар. Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган. Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы - оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.

Бир катар кыргызстандык университеттерде дарс окуган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Маркум Гүлмира Мамбеталиеванын ысымы Кыргызстандын Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын түштүк-чыгышындагы "Кой-Таш" эс алуу жайына берилээрин анын күйөөсү, ишкер Аскар Салымбеков 2017-жылы 27-апрелде калайыкка жарыя кылды.

Илимий эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Феномен оптимизации в контексте глобализации» (2007).
  • «Содружество наций как фактор политических процессов в странах-участницах: азиатское измерение» (2008).
  • "Экономическая политика Содружества наций" (2009).
  • "Процессы интеграции и демократизации в современном мире" (2010).
  • "Государственные системы современности: сравнительный анализ" (2011). (Соавтор - Т.О. Ожукеева, А.Ш.Кадыралиева)
  • "Глобальное измерение демографии, миграции, экологии" (2012).
  • "Акторы мировой политики" (2012).
  • "Саясат таануу / Политология" (2014). (Соавтор - Акунов А.А.)
  • "Политология" (2015). (Соавтор - Акунов А.А., Кангелдиев А.Н.)
  • "Адам укуктары, демократия, бийлик" энциклопедиялык сөздүк (2015). (Соавтор - Акунов А.А.)

Коомдук ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Көптөгөн жылдар бою калктын аз камсыз болгон катмарына, кыймыл-аракети чектелген балдар менен энелерге, таланттуу жаштарга, улуттук-прикладдык көркөм өнөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келген.

  • 2001-жылдан бери Нарын шаарындагы “АS” Көркөм өнөр галереясын жетектеген. Аталган галереяда жергиликтүү кыл калемчилеринен тышкары АКШ, Франция жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген.
  • 2002-жылдан бери «Бал таттуу» коомдук уюмунун жетекчиси болуп келген. Таланттуу жаштарга өзгөчө көңүл буруп: анын демилгеси жана меценаттык демөөрчүлүгү менен 20 жылдан бери жыл сайын мектеп окуучулары үчүн жаш таланттардын “Жаш таланттар” облустук жана “Мен – жылдыз” республикалык кароо-сынактары жана фестивалдары өткөрүлүп келген. Бул конкурстун жеңүүчүлөрү, жаш таланттар анын колдоосу менен Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык чыгармачылык конкурстарына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, Гран-при жана башка байгелүү орундарды ээлешкен.
  • 2006-жылдан тартып ал кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу этнограф Какен Мамбеталиева атындагы Эл аралык коомдук фондду түзүп жана жетекчиси катары ырааттуу иштеп келди. Бул фонд Кыргызстандагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги этномаданий жана этносоциалдык жүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, Борбордук Азиядагы көп этностук коомдун маселелери боюнча бир республикалык жана эки эл аралык конференцияларды уюштурган жана алардын материалдарын бир нече китеп кылып жарыялаган. Аталган фонд таланттуу окумуштуу, педагог К.Мамбеталиеванын илимий мурасын сактоо, коомдук тармактардагы изилдөөчүлөргө кайрымдуулук колдоо көрсөтүү, тектеш коомдук илимдерге, анын ичинде этнография, антропология, тарых жана башка тармактардын ич ара тыгыз байланышын чыңдоо максаттарында ар тараптуу иштерди аткарып келди.


Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бектурганова Күлбүбү. Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 416б. (Мында: 377-383-беттерде). – ISBN 9967-14-040-2.
  • Шекербек Калыков. Шумкарлар учкан бийиктик. – Б., 2006. – 264 б. (Мында: 135-150-беттерде).
  • Бектурганова К. Дочери земли Кыргызской. – Б., 2007. – 336с. (Мында: 150-162-беттерде). –
  • Жекшелаев Кадырбек, Мукамбетов Сталбек. Бугу уруусунун тарыхый инсандары. – Б.: «Максат», 2015. – 420б. (Мында: 165-166-беттерде). – ISBN 978-9967-13-776-9.
  • Бектурганова К. Кыргыз аялдары: тарыхта жана азыркы учурда / Кыргызская женщина: история и современность. – Б., 2017. – 1096 б. (Мында: 708-710-беттерде).

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2006-ж. - Мустафа Кемал (Ататүрк) Эл аралык илимий жана маданий кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты - Ардак грамотанын жана алтын медалынын ээси.
  • 2006-ж. - Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2006-жылы Бишкек мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 2006-ж. - Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
  • 2006-, 2010- жана 2011-жылдары Нарын шаары жана Нарын областынын, Нарын жана Ат-Башы райондорунун ардактуу атуулу деген ардак наамдар ыйгарылган.
  • 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр[оңдоо | булагын оңдоо]

thumb