Мамбеталиев Зарлык
Көрүнүш
Мамбеталиев Зарлык (1923, Аламүдүң району - 1999, Бишкек) - музыкант, проф. (1986). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1961).
- 1951-ж. М. Күрөңкеев атындагы. музыкалык окуу жайын,
- 1965-ж. П. И. Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
- 1956-72-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында оркестрдин солисти, ошол эле мезгилде М. Күрөңкеев атындагы музыкалык Окуу жайында окутуучу,
- 1972-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу.
- 1953-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты.
«Ардак Белгиси», «Ата Мекендик согуш» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.