Мамбеталиев Кебек
Көрүнүш
Мамбеталиев Кебек 1903-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.
- Октябрь революциясы жеңип, бийликке большевиктер партиясы келгенде, жер-жерлерде артелдер уюшулуп, жаңыча жашоо башталат.
- Ар бир жаңыча жашоо ар кандай карапайым эл учун оор кырдаалды жаратат эмесби, ошондой оор кырдаалда, 1933-жылы азыркы Сузак районунун "Кыз-Кол" а/ө караштуу беш учаскадан турган "Кызыл-Кыя" айылында тогуз адамдан турган "Тоо-Кен"колхозу түптөлүп жалпы элдин колдоосу менен жаңы түзүлгөн колхозго башкарма болуп дайындалат.Жылдар өтуп Октябрь революциясы жемишин берип өнүгүүгө карай жол алат, ошол маалда кичи колхозду чоңойтуу максатында 1936-жылы беш кичи айылды бириктирип “Кызыл-Кыя”колхозун уюштуруп, кеңейтилип жаңыдан уюшулган колхозду 1943-жылга чейин жетектейт.
- Андан кийин азыркы "Кыз-Көл" а/ө караштуу бардык айылдар кошулуп "Партсъезд"колхозу түптөлүп 1943-жылы "Портсьезд"колхозунун төрагасы болуп дайындалып 1956-жылга чейин жетектеген.
- 1956-жылдан баштап, Октябрь кыштагынын 5-6-7-көчөлөрүнө, Кызыл-Кыя жана Кашка-Терек айылдарынан элдер көчүрүлүп келип отурукташа баштайт да отурукташтырылган айылдар жана Сымкат айылы Кашка-Терек айыл кеңешине карап турган.
- 1956-жылдан баштап Кашка-Терек айыл кеңешинин төрагасы болуп дайындалып андан кийин Калмак-Кырчын Кара-Дарыя айыл кеңештерининде төрагалык кызматында 1959-жылга чейин иштеген.
- Колхоздор ирилешип, андан кийин совхоз уюшулган маалдардарга чейин, ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.
- Иштеп жүргөн маалда бир канча жолу айылдык, райондук кеңештерге депутат болгон. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон зор салымы эске алынып, эл үчүн кылган эмгеги бааланып, бир канча жолку медалдар, ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3