Мамбетов Кумушбек Бекитаевич
Мамбетов Кумушбек Бекитаевич (1956) – Айыл чарба илимдеринин кандидаты, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын доценти.
Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мамбетов Кумушбек Бекитаевич 1956 жылы Чуй областынын Сокулук районунда туулган. Улуту - кыргыз.
- 1974 жылы Сокулук районун, Чат-көл айылындагы орто мектепти аяктаган.
- 1979 ж. - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Агрономия бөлүмүн бүтүргөн.
- 1979-82ж.ж. - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
- 1983-1998ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин илимий ишкери, ассистенти, улуу окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу.
- 1992-1998 жж. - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институнун кесип кошунунун төрагасы
- 1998-2012-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлердин кесип кошунун Борбордук комитетин төрагасы
- 2013 ж азыркы убакытка чейин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын доценти.
- 1988-ж. – айыл чарба илимдеринин кандидаты. Темасы: “Чуй өрөөнүндө боз шалбалуу топурагында которуштуруп айдоодо узак мөөнөттө колдонгон жер семирткичтердин күздүк буудайдын түшүмү менен данынын сапаты тийгизген таасири”.
- 2014 ж. - доцент наамын алган.
- 2017-жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин окумуштуу катчысы.
Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Өсүмдүктөрдүн топуракта азыктануусунун агрохимиясы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азыктануу системасы, агрохимиянын экологиясы, элементтердин , анын ичинде макро (NPK) жана микро элементтердин агрохимиясы, агрохимиялык изилдөөлөрдүн методикасы топурак жана өсүмдүк диагностикасы кирет.
Негизги илимий-методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Күздүк буудайдын жогору түшүмдүүлүгүнүн агрохимиялык негиздери. Монография. – Бишкек, “Турар”, 2003, - 367 б.
- Кыргызстандагы кызылча которуштуруп эгүүдөгү өсүмдүктөрдүн азыктануу системасынын илимий негизи. - Бишкек, “Турар”, 2003, - 479 б.
- Агрохимия боюнча курстук долбоор. Методикалык окуу куралы жана иш дептери. Бишкек, Типография КНАУ, 2012,-60 б.
- Дыйканчылык боюнча лабораториялык-практикалык сабактарга методикалык колдонмо. Бишкек, Осоо «Кут-бер», 2015, - 27 б.
- Агрономия дагы илимий изилдөө негиздери боюнча лабораториялык-практикалык сабактарга методикалык колдонмо. Бишкек, ОсОО «Кут-бер», 2015, - 27 б.
- Чуй өрөөнүнүн боз шалбаа топурактарында жер семирткичтерди узак мөөнөттө колдонуунун эколгиялык маселелери. . Бишкек, ОсОО «Кут-бер», 2016, - б. 167-171.
- Жер семирткичтерди узак мөөнөттө колдонгондо оор металл менен микроэлементтердин күздүк буудай менен жаздык арпанын данында камтылышы. Волгоград. Международный научный журнал «Путь науки» № 12, 2016, б. 43-46.
Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 1989 ж - К.И. Скрябин атындагы Айыл чарба институнун ардак грамотасы
- 2005ж – Эл аралык конфедерациянын профсюздар уюмунун ардак грамотасы
- 2008 ж – Россия Федерациясынын Айыл чарба кызматкерледин профсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин ардак грамотасы.
- 2010 ж – Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төш белгиси
- 2015 ж - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин ардак грамотасы.
Доцент К. Б. Мамбетов расмий оппонент болгон окумуштуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эшимкулова Гульмира Фронтбековна 06.01.04 “Кыргызстандын Чуй өрөөнүндөгү боз-шалбалуу топурагында жаздык арпага колдонулучу жер семирткечтердин натыйжаалуулугу”. (2011).