Мамбетов Таалайбек
Мамбетов Таалайбек Зергер. 1954-ж. Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн.
Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайынын прикладдык бөлүмүн бүтүргөн. Нарын шаарында саясий-агартуу үйүндө сүрөтчү, Бишкектеги № 92 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесиптик-техникалык окуу жайынын зергерчилик бөлүмүндө чебер-окутуучу, пластмассадан буюм жасоочу заводдо сүрөтчү болуп иштеген. 1986-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин ага сүрөтчүсү. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Таалайбекке мектепте окуп жүргөндө айнектен көркөм жасалгаларды жаратуучу сүрөтчү Чернуховдун таасири таасын тиет. Апасы Айым оймочу жана саймачы болот. Айылдашы Эрмек Борбуковдун ат жабдык кармаганын көп көрөт. Металл кармашына Кара Ulaap айылында жашаган Жуматайдын нускоосу зор. Идиш каңдоо, чайнек чайкоо, буюмду кепшерлөө, үшкүлөө өңдүү түйшүктөрдү ушул устадан билип-туят. Зергерчилик таасирди Кошалы Кызгараев калтырат. Ал Таалайбекке чапкыларды (аспапкуралдарды) жасоону, жердикти буюм жасоого даярдоону, нейзильбер, мельхиор, дат чалбас, жез, мис, коло, калай ж. б. металлдардын ички бөтөнчөлүктөрүн, аларга «чапкылоо» ыкмасы аркылуу оюм-чийим түшүрүп, көркөмдөөнү ж. б. үйрөткөн. Таалайбектин кемеринин жүзү анын калканында. Ал нейзильбер бетине айбанаттардын сөлөкөттөрүн «бармак боочу оюму», «кыял оюму», «куш оюму» аркылуу стилдештирип берет. Мында Таалайбек чыныгы профессионалдык негизде стилдештирүүгө багыт алып жатканы баамдалат. Нусканы жүзөгө ашырууда устанын өзү жасаган «айчык», «тоок көз», «ачакей», «жылдызча», «кар» өңдүү аспап-чапкыларын колдонот. Кемер куруунун туурасы 12 смге, эки калканынын узуну 28 смге барабар. Буюмдун калган бел курчоо шөкөттөрү мына ушул кемер калкандын фрагменттери (үзүлкесили) болуп эсептелет. Ошондо буюмдун ички компоненттик байланышы ойдогудай болот да, бир бүтүм ойду түшүндүргөн чыгарма - үлгү катары бааланат. Бир орто кемерге он шөкөт (чеге) чабат. Зергер комплекти (буюмдун бир бүтүмү) менен узанат. Анда асем буюмдардагы стилдештирүү кемер, чакча өңдүүлөрдөн айырмаланат. Мында жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ич ара айкалыштары символ катары көрсөтүлөт. Ошондо бир билерик, эки шакек, бир оймок, эки сөйкө зер буюмдун бир бүтүмүн түзөт.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөттү өз алдынча сүйүүчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Зер жасалгалары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин II даражадагы диплому; 1987 ж. «Багдаддагы эл аралык көргөзмө». Эр кемери коюлган; 1988-ж. «ЭЧЖКнүн павильонундагы Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү». Кемер куру үчүн Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун Ардак грамотасы; 1988 ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Зер буюмдары үчүн «Кыял» элдик көркөм коп өнөрчүлүк Бирикмесинин II даражадагы диплому; 1989 ж. Бишкек шаарынын күнүнө карата чеберлердин көргөзмөсү. Зер буюмдары үчүн Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Зер буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0