Абдулазиз Маметбакиев

Википедия дан
Маметбакиев, Абдулазиз Авам уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Абдулазиз Авам уулу (Авамович) Маметбакиев (2004).

Абдулазиз Авам уулу Маметбакиев (1941-жылы 20-апрелде туулган) – Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын өкүлү, акын, жазуучу, публицист, окутуучу, математика мугалими.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулазиз Авам уулу (Авамович) Маметбакиев 1941-жылы 20-апрелде Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Кулжа шаарында туулган.

Кулжа шаарында педагогикалык орто мектепти үздүк бүтүп, СССРге көчүп келген.

1962-жылы Казакстандын Чимкент (казакча: Шымкент) шаарындагы педагогикалык институтка тапшырып, ал жогорку окуу жайын 1968-жылы ийгиликтүү аяктап, математика боюнча адис деген дипломго ээ болгон.

Өзүнүн алган билимин жаш муундарга берип, билим берүү тармагында көп жыл бою өзүнүн мактоого татыктуу салымын кошкон.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президумунун жарлыгы менен “Эмгек ардагери” медалы менен (1990-жылы), Кыргыз ССРинин Профсоюзунун “Социалистик мелдештин отличниги” төш белгиси менен (1974-жылы) сыйланган. Ошондой эле “Эл агартуу отличниги” төш белгисин, мындан тышкары бир топ баалуу кыргызстандык сыйлыктарды алган.

30 жылдан ашуун Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу кыргыз мектептеринде физика жана математика сабактарын окутуп келди.

Адабий жана илимий чыгармачылыгы. Котормочулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын жана котормочу Абдулазиз уйгур эли менен кыргыз элинин достугун бекемдөө жана бир туугандык сезимди алга сүрүү үчүн кылган далаты мактоого татыктуу.

Ал кыргыз акын- жазуучуларынын чыгармаларын уйгур тилине которгон, аларды “Коммунизм тугы” , “Йеңи хаят” газеталарында, жана журналдарда үзгүлтүксүз жарыяланып турган.

Ошону менен катар чет элдик калемгерлердин Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазган макалаларын, кытайлык сынчы Жин Жо Шындын “Кыргыз адабияты жана Ч.Айтматов” аттуу макаласын кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына сунуштаган.

Эң алгачкылардан болуп ал кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын кабарын кыргыздарга жеткирген.

Ч.Айтматовдун “Ак жаан”, “Атадан калган туяк”, “Кыямат” чыгармаларын уйгур тилине которгон.

Чыгыш элдеринин табыпчылык илимин баяндаган “Турмуш кеңешчиси” деген чыгарманы кыргыз тилинде жазган. Бул чыгарма “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн.

Ал “Уйгур алиппесин” түзгөн, аны Кыргызстандын Билим жана маданият министирлиги бекиткен.

“Өрнөктүү өмүрлөр” аттуу китеби кыргыз тилинде, “Өмри өлге инсанлар” китеби уйгур тилинде, ошондой эле “Өшмес чираклар” ыр китеби уйгур тилинде жарыяланган.

1998-жылы “Кыргызстан-Сорос” кору тарабынан “Өмүр толгон табышмак” деген чыгармасы (көлөмү 14 басма табак) жарык көргөн.

“Ислам ибадаттары” деген мындан бир кылым мурда Казан басмасынан татар тилинде жарык көргөн китепти кыргызчалаган.

2001-жылы “Куран-и каримди” уйгур тилине которгон, бул китеп 2003-жылы жарыкка чыккан.

Акын жана котормочу Абдулазиз кыргыз акындары Барпынын, Алыкулдун баа жеткис эмгектерин уйгур тилине которуп бүттү, басмага сунуш алдында турат.

Акындын 10 томдук чыгармалар жыйнагы 2013- жылы басмадан жарыкка чыгаары күтүлүүдө.


Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы Кыргыз ССР ЖК Президумунун жарлыгы менен “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган.

1974-жылы Кыргыз ССРинин Профсоюзунун “Социалистик мелдештин отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Ошондой эле Кыргызстанда “Эл агартуу мыктысы (отличниги)” төш белгисин, мындан тышкары бир топ баалуу сыйлыктарды алган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өрнөктүү өмүрлөр. Люди, я вам обязан [Очерки об уйгур. интеллигенции Киргизстана] / Маметбакиев А. – Фрунзе: Кыргызстан, 1990. - 65,[2] бет.
  • Өмри өлге инсанлар.
  • Абдулазиз Маметбакиев. Люди, достойные примера: [Об участниках Великой Отеч. войны] / А. Маметбакиев. - Алма-Ата: Казахстан, 1991. - 85,[2] с. ил. 17 см.
  • Өмүр толгон табышмак. – Бишкек, 1998.
  • Уйгур алиппеси.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]