Мамлекеттик алымдар
Мамлекеттик алымдар – мамлекет тарабынан белгиленген акчалай төлөмдөр, юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасаган же болбосо документтерди берген ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан алынат. М. а.: сотторго берилүүчү доо жана башка арыз – даттануулардан, нотариустар ишке ашырган нотариалдык аракеттеринен; жарандык абалды жазуучу органдардын жарандык абалды каттоо актыларынан жана башка юридикалык мааниге ээ иш-аракеттеринен; соттор, мекемелер жана органдар көрсөткөн документтерди берүүдөн; КР жарандыгын алууга жана КР жарандыгынан чыгууга байланыштуу документтерди берүүдөн жана кароодон, ошондой эле мыйзам тарабынан аныкталган юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасоодон алынат. М. а-дын 2: жөнөкөй жана теңдештик түрү бар. Жөнөкөй М. а. туруктуу өлчөмдө алынат. Теңдештик М. а. тийиштүү суммага пайыздык катышта алынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7