Мазмунга өтүү

Мамлекеттик асыл-тукум регистри

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик асыл-тукум регистри – асыл-тукум үйүрлөр тууралуу маалыматтардын жыйнагы. М. а.-т. р. кымбат баалуу жаныбарларды жана канаттууларды идентификациялоо максатында мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан жүргүзүлөт. КРде асыл-тукум иштери менен мамлекеттик ишканалар, кооперативдик, фермердик, дыйкан чарбалары жана мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан берилүүчү лицензия алган башка асыл-тукум иштеринин субъекттери алектенүүгө укуктуу. Асыл-тукум малдары бар юридикалык жактар жана жарандар КР Айыл чарба министрлиги бекиткен Асыл-тукум чарбаларды аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык аттестацияланууга тийиш.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]