Мамлекеттик вена операсы

Википедия дан
Мамлекеттик вена операсы.

Мамлекеттик вена операсы (1918-жылга чейин Вена сарай операсы) — ири опера театры, Австрия муз. маданиятынын борбору.

Ал 17-кылымда пайа болгон. К. В. Глюктун опера реформасынын таасиринен 18-кылымдын ортосунда улуттук опера стили калыптанган. 80-жылдардан тартып Г. Рихтер (1875-жылдан муз. дирек­тор жанa дирижёр), айрыкча Г. Малердин (1897—1907-ж. театр жетекчиси) ишмердиги менен Европадагы мыкты опера театрларынын бирине айланган.

Мында В. А. Моцарт, Л. Бетховен, Ж. Верди, Р. Штраус ж. б. менен катар биринчи жолу П. И. Чайковскийдин («Евгений Онегин», «Иолан­та» ж. б.) опералары коюлган. Фа­шист оккупациясынын жылдарында (1938—44) театр начарлап, 1945-ж. театр имараты талкаланган (калыбына 1955-ж. келтирилген). 1945-ж. өл­кө бошотулгандан кийин театр кайрадан музыкалык борборго айланган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.