Мамлекеттик заказ

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мамлекеттик заказ – өлкөнүн кызыкчылыгы бар продукцияларды өндүрүү, товар чыгаруу ж. б. иш-чараларды камтыган тапшырма. Ал өкмөттүк органдар тарабынан берилип, мамлекеттик бюджеттен финансыланат. Мамлекеттик заказ мамлекеттин бардык чарба тармактарында негизги керектөөлөрүн канааттандырып, жалпы мамлекеттик керектүү маселелерди (өнөр жай өндүрүшү, илимий-техникалык изилдөө программалары, коомдук-социалдык чөйрө, коргонуу стратегиясы ж. б.) чечүүгө гарантия берет. Ал чарбалык байланыштарды түздөн-түз жөнгө салгыч. Мамлекеттик заказ ар бир ишкана үчүн өтө ыңгайлуу, анткени ал туруктуу финансы булагын түзөт. Ошондуктан мамлекеттик заказдарды алуу көпчүлүк учурда лоббирлештирүүгө дуушар болуп, катуу атаандаштыктын негизинде өтөт. Мамлекеттик заказ конкурстук соода жана аукцион түрүндө берилет. Конкурстук соода жана тендерлер негизинен азык-түлүк сатып алуу, турак-жай, имараттарды куруу жана реконструкциялоо иштери, ар түрдүү объекттерге имараттарды ижарага алуу, жолдорду ремонтто, жаңы трассаларды куруу ж. б. өтөт. Кыргызстанда мамлекеттик заказ айрыкча жол тармагын куруу, курулуш иштерин жүргүзүүдө кулач жайып, тендер аркылуу өткөрүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]