Мамлекеттик казначейлик милдеттенме
Көрүнүш
Мамлекеттик казначейлик милдеттенме – калк арасында ыктыярдуу негизде таралган (жайгаштырылган) мамлекеттик баалуу кагаздар; мамлекеттик карызды кымбат баалуу кагаздар менен жайгаштыруунун бир түрү. Мындай кагаз анын ээсине (кармоочусуна) мамлекеттик бюджетке салым кошконун тастыктап, анын тийиштүү мөөнөттөн кийин акчалай киреше алышына өбөлгө түзөт. Киреше боюнча төлөм жыл сайын купон ж. б. аркылуу жүргүзүлөт. Казначейлик милдеттенмелер узак мөөнөткө (5–25 жыл), орто (1–5 жыл) жана кыска (1 жыл) мөөнөттүү болуп чыгарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7