Мамлекеттик кызматчы
Мамлекеттик кызматчы – мамлекеттик кызматты ээлеген, кызматы боюнча өзүнө берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жагындагы кесиптик иши үчүн акчалай акы алып, туруктуу негизде иштеген жана анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү Кыргыз Республикасынын жараны. Мамлекеттик кызматчынын негизги милдеттери төмөндөгүлөр: 1) өзүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу; 2) мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин жана этикасын сактоо; 3) өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүү; 4) жогору турган жетекчилердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылуучу буйруктардын тескемелерин ж. б. чечимдерин аткаруу; 5) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол бербөө; 6) жарандардын, кызмат адамдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын өз убагында жана объективдүү кароо, алар боюнча мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алуу; 7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл квалификациялык деңгээлин кармап туруу; 8) мамлекеттик кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоо; 9) мамлекеттик органдын белгиленген ички эмгек тартип эрежелерин сактоо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7