Мамлекеттик санитариялык көзөмөл

Википедия дан

Мамлекеттик санитариялык көзөмөл - санитария-эпидемиологиялык кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат; ал санитария-гигиеналык жана эпидемияга каршы эреже, нормалардын сакталышына жана аткарылышына көз салат. Ал жугуштуу ооруларды алдын алуу жана аны жоюуга, айлана-чөйрөнү (суу, топурак, абаны) өнөр жай жана чарба-тиричилик таштандылар менен булгануудан сактоого, эмгек жана тиричилик шарттарды жакшыртууга багытталган чараларды жүргүзөт (к. Айлана-чөйрөнү коргоо, Абаны санитариялык коргоо жана башкалар).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8