Мазмунга өтүү

Мамлекеттик сырды жарыялоо

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик сырды жарыялоо – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздери менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштын бир түрү. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен, чоочун адамдардын ээ болушуна жол ачуу жосуну М. с. ж. катары түшүндүрүлөт. Аткарган ишинин же кызмат милдетинин мүнөзү боюнча ошол маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон жак чоочун адам катары таанылат. Мамлекеттик сырга жаткан маалыматтардын чет өлкөлүк чалгынчылардын колуна тийип, андан улам мамлекеттик иш-чаралардын үзгүлтүккө учуроосу, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн токтоп калуусу, өзгөчө тартиптеги объектилердин орун которушу ж. б. М. с. ж-нун оор кесепети болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]