Мазмунга өтүү

Мамлекеттик түзүмү өзгөртүлгөн зайымдардын облигациясы

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик түзүмү өзгөртүлгөн зайымдардын облигациясы – карыздардын түзүмүн өзгөртүү максатында чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. Мамлекеттик баалуу кагаздарга жолжоболоштурулган КРУБдун алдындагы кредит жана карыз боюнча КР Өкмөтүнүн негизги карыздарын кайра түзүү М. т. ө. з. о-н чыгарып, аны КРУБка өткөрүп берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. М. т. ө. з. о. жүгүртүү мөөнөтү менен пайыз чени чектелбеген мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат. Күндөлүк базар чени боюнча акча-кредит саясатынын максаты үчүн КРУБ М.т. ө. з. о-н кыска мөөнөттүү (6 айга чейин) РЕПО аткарымдарына пайдаланууга укугу бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]