Мамлекеттик финансы
Мамлекеттик финансы – мамлекеттик органдардын эл чарбага таасир эткен киреше жана чыгашасын изилдеген экономикалык илимдин бөлүгү; тигил же бул мамлекеттин катышуусу менен акча мамилелерин уюштуруу формасы. Термин алгач 16-кылымда Францияда колдонулган. Анын негизги максаты өлкөнүн өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн финансылык ресурстарын түзүү жана туура колдонуу болот. Жалпы мамлекеттик финансыга төмөндөгүлөр кирет: мамлекеттик бюджет, пенсиялык фонд, социалдык жана медициналык камсыздандыруу фондулары, бюджеттен сырткары ар түрдүү фондулар ж.б. Мамлекеттик финансынын көпчүлүк бөлүгү салыктардын эсебинен түзүлөт да, ал улуттук кирешенин олуттуу бөлүгү катары кайрадан бөлүштүрүлүп турат. Бул жыл сайын кабыл алынуучу бюджет жөнүндө мыйзамга негизделген актылары менен жөнгө салынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7