Мазмунга өтүү

Мамлекеттик чек ара тилкеси

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик чек ара тилкеси — эл аралык келишимдер менен аныкталуучу жана улуттук ченем актылары менен бекитилген, эгемендүү мамлекеттин аракеттеринин мейкиндиктик чектерин белгилөөчү, жердин үстүнө перпендикулярдуу өткөн тик тилке. Ал тилкесинин техникалык-экономикалык милдети конкреттүү мамлекеттин кургактагы, суудагы жана аба мейкиндигиндеги аймактарын, ошондой эле анын байлыктарын, ачык деңиздеги акваториясын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин чектеш мамлекеттерден ажыратып чектөөдө турат.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7