Мазмунга өтүү

Мамлекеттик шааркуруу нарккаттамы

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик шааркуруу нарккаттамы – шаар куруу ишинде зарыл болуучу маалыматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү үчүн керек болуучу маалыматтардын жыйнагы. М. ш. н. КР мамлекеттик маалыматтык-укуктук нарккаттамдар тармагына кирет жана кыймылсыз мүлктөрдүн мурдагы жана азыркы учурдагы юридикалык жана нарктык абалдары тууралуу маалыматтарды, ошондой эле аймактарды жана калктуу конуштарды куруунун жана өнүктүрүүнүн шааркуруу пландоосу, аймактардын жана объекттердин тийешелүү иштөө чөлкөмдөрүнө алардын учурдагы жана келечектеги ылайык келүү багыты жөнүндө, экологиялык, инженердик-геологиялык, суугеологиялык жана сейсмикалык кырдаалдары, инженердик камсыз болуусу тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]