Мазмунга өтүү

Мамлекеттик эмес бааракы фонду

Википедия — ачык энциклопедия

Мамлекеттик эмес бааракы фонду – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюштуруу-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыз кылуу тутумуна көзкарандысыз жана аларды толуктоо иретинде иш жүргүзөт. Бааракы келишиминин негизинде ыктыярдуу мамлекеттик эмес бааракы менен камсыз кылуу кордун адаттан тыш иш-аракетинин түрү болуп саналат. М. э. б. ф-нун иши бааракы төгүмүн бекемдөөдө, бааракы милдеттенмелерин эсептөөдө, көбөйтүү максатында бааракы активдерин жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыны төлөп берүүдө турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]