Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызмат кызыкчылыгына каршы кылмыштар
Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызмат кызыкчылыгына каршы кылмыштар – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик орган, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы, мамлекеттик мекеме болуп эсептелбеген коммерциялык жана башка уюмдардын талаптагыдай башкаруучулук ишмердигине кол салуучу, зыян келтирүүчү, же жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүчү же коркунуч туудуруучу атайылап жасалган коомдук коркунучтуу жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу; коммерциялык сатып алуу; жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануулары кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7