Мамыраимов Абылкасым

Википедия дан

Мамыраимов Абылкасым -1918-жылы азыркы Сузак районундагы Көк-Арт айылында туулган.

Төрт жылдык башталгыч билим алгандан кийин, колхоздо ар кандай жумуштарда эмгектенген. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, орус-фин согушуна катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун аягына чейин катышып , Орус-Япон согушунда да болуп, 1949-жылы согуштан келгенден кийин , колхоздо бригадир, ферма башчы, колхоздун башкармасы болуп эмгектенген.

1976-жылы дүйнөдөн кайткан. Согуштагы эрдиктери үчүн бир канча медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3