Мамыров Эрнес
Мамыров Эрнес (7. 11. 1941-жылы туулган, Бишкек шаары) – геолог, геология-минералогия илимий доктору (1991), профессор (1995). Москвадагы И. М. Губкин атындагы Нефть-химия жана газ өнөр жай институтунун геология, геофизика жана геохимия факультетин бүтүргөн (1965). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1966–74), Фрунзе политехникалык институтунда кафедра жетекчиси (1975), «Кыргызмамсуучарба» долбоорлоо институтунда башкы геолог (1976–86), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунда лаборатория башчысы, директордун илимий иштери боюнча орун басары (1986–2003). 2003-жылдан ушул институтта лаборатория жетекчиси жана 1996-жылдан КРСУда профессор Ал – 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын ж. б. автору. Илимий эмгектери негизинен геохимия, геофизика, гидрогеология, катуу заттардын физикасы жана физикалык химияга, ошондой эле жер титирөөнү алдын ала айтуу маселесине арналган. Кыргызстандын аймагын комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштурууга жана алардын карталарын түзүүгө активдүү катышкан. Эмгектери: Дифференциация наиболее распространенных веществ литосферы по удельной энергии атомизации. Ф., 1989; Современная геодинамика литосферы Тянь-Шаня (авторлош). М., 1991; Проектирование зданий и сооружений в сейсмических районах (авторлош). Б., 1996.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7