Мазмунга өтүү

Мамытова Айым

Википедия — ачык энциклопедия

Мамытова Айым Оймочу. 1915-ж. Аксы районундагы Таш-Дөбө айылында төрөлгөн.

Сабатсыздыгын жойгон. Айыл ичиндеги ар кандай өнөктүктөргө арбын катышкан. Аксыдагы көрүнүктүү оймочу-шырдакчы катары анын көркөм үлгүлөрүн алыс-жакындан алып кетип турушат. Уз кара, ак түстөрдү арбын пайдалануусу анын кылчык күзгү жүндөн кийиз уютуусуна шартташат. Ал көркөм оюмдарды так, төп, түстөрдү даана тандагандыктан «жүрөкчө оюму» «Айым оюму» катары таанылат. Ошондо жиксиз ичинен табакчаланган «кочкор мүйүз оюмунун» башындагы «карга тырмак оюму» оюмдарынын табакчаларынын сыртынан төрт бурчунан төрт «ачкыч оюму» чыгат. Андан төрт табакча пайда болот. «Аламычы» берилип, «жагалмай канаттанган» «жарым кыяп оюму» жээк оюму болуп көрүнөт. Уз «кош кайкалак көчөтүн» жээкке түшүрүп, үч табакчанын ар бирин ичинен «ачкыч оюмун», «карга тырмак оюмун», «куш оюмун», «мүйүз оюмун» беттештире оюп, «бычак учу» аркылуу короолоп, бул табакчанын жарымын колтук оюм кылат. Албетте, мыяда уз кылдаттыкта төптөштүрөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0