Мамытов Улукбек

Википедия дан

Мамытов Улукбек – акын. Алай районунун Сопу-Коргон айылында 1947-жылы 3-майда туулган. Сопу-Коргон айылындагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктап, «Алай» совхозунда жумушчу, айылдык байланыш түйүнүндө оператор болуу менен эмгек жолун баштаган.

1970-жылы Фрунзе шаарындагы №3 техникалык окуу жайын, 1977-жылы Оштогу Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Советтик Армияда кызмат өтөп келип 1970-жылы конкурс менен Ош облустук телерадиокомитетинин радио уктуруу бөлүмүнө дикторлук кызматка алынган. Кийин редактор болуп 1984-жылга чейин иштеген. 1984-жылдан Фрунзе шаарындагы «Полиграфкомбинатында», 1985-жылдан Алай районундагы «Көлдүк» айылдык маданият үйүнүн директору, мектептерде мугалим, 1987–1989-жж. Алай райондук сергектик коомунун жооптуу катчысы, райондук радиоуктуруунун редактору жана диктору, 1993-жылдан Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин кабарчысы, 1997-жылдан Кыргызстан Эркин жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы, 1998-жылдан «Ош–3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын диктору жана кабарчысы, облустук Эл чыгармачылыгында методист, Эл аралык «Мээрим» кайрымдуулук фондунун Ош облустук филиалынын «Манас мектебинин» жетекчиси болуп иштеген. Өз алдынча жеке менчик «Дүйнө базар» аттуу гезитин жана анын тиркемелерин чыгарган.

1966-жылы Алай райондук «Күжүрмөн эмгек» гезитине биринчи жолу бир нече ырлары жарыяланган.

1970-жылы «Аскердеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

1974-жылы Кыргызстандын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата өткөрүлгөн жаш акындардын республикалык фестивалынын лауреаты болгон.

1983-жылы балдар үчүн жазылган «Балдар курган шаарда» пьесасы Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги тарабынан куурчак театрына кабыл алынган. Бир топ кино тасмалардын тексттерин которуп, окуган.

1974-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдыздар: Ырлар. – Ф., 1983. – 58 б.

Көңүл көлүм: Ырлар. – Ф., 1991. – 28 б.

Ош:тарых барактарында

Улук ун

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]