Манаска байланыштуу аталган энчилүү аттар

Википедия дан

Манаска байланыштуу аталган энчилүү аттар — элдик уламыштарда «Манастын» каармандарынын, тулпарларынын, курал-жарактардын, жер-суулардын жана реалдуу турмуштагы мекеме, көркөм чыгармалардын энчилүү аты, наамы. Элдик түшүнүк, ишенимде «Манастын» кейипкерлерин урматтоо, ыйык тутуу салттык көрүнүш. Эпостун каармандарынын ысымдары, минген тулпар аттары, кармашкан жерлери жөнүндө легендарлык аталыштар кыргыз элинин арасында көп айтылат.

Нечен кооз жерлер, тарыхый эстеликтер, мазар, күмбөз жайлары эпикалык каармандардын ысымында аталат. Бул болсо элдин өзүнүн бардык жакшы тилектерин, жагымдуу ойлорун, элдик баатырдын айланасына топтошу, алардын адилеттүүлүктү көздөгөн көрүнүшүн, көрсөткөн эрдигинин эл кыялында жогору бааланышы менен түшүндүрүлөт. Эпостун баш жана негизги каармандары кыргыз эли үчүн ата мекен, эне дегендей эле сыймыктуу. Элдик уламыш боюнча үчилтиктин айрым каармандары — Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, ошондой эле Тайбуурул, Акшумкар, Кумайык өмүрүнүн акырында кайып болуп кетишет. Ошондуктан, эл сүйгөн каармандарынын ысымын сыймыктануу менен эскеришет. Алардын баатырдыгын арттырып, мифтик каармандардын деңгээлине чейин көтөрүүгө аракеттенишет. Буга Манастын доорундагы баатырлардын «Манастап» ураан чакырып согушка киргени гана күө болбостон, Ата Мекендик согушта Манас жана анын чоролору жөнүндө эл арасында тараган уламыштар далил. Согуш жылдары Манастын ысымы патриоттук сезимдин символу болуп, анын аты менен кыргыз аскерлери фашисттерге каршы күрөшүп, советтик жоокерлер менен бирдикте баскынчыларды жеңүүгө өз үлүштөрүн кошкон. Уулдарын, неберелерин согушка жөнөткөндө Манастын эрдигин эскерип, Манастай баатыр болуп, душманга Манастай сокку берүүлөрүн каалашкан.

Кыскасы, байыртадан бери Манас жана анын чоролорунун айрымдары, Семетейдин жана башкалар негизги каармандардын образы дайыма эл менен бирге жашайт. Кыргыз эли кийинки эле учурларга чейин Манастын атын жаңы төрөлгөн балага койбогон. Эл ишениминде «Манас» деген оор ысымды бала көтөрө албайт, ошол атка татыктуу болбосо ал наристе жаш курагында эле чарчап калат деген. Элдик идеал баатырды урматтоо, ыйык тутуу да турмуштук зарылчылыктан келип чыккан. Эл түшүнүгүндө алардын ыйыктыгына сөз тийгизип, касиеттүүлүгүнөн шек санаган адам сөзсүз бир кырсыкка учурабай койбойт имиш. Алсак, эл арасында «Манасты» айтпай коюп, кырсыкка учураган адамдар жөнүндө айтылат «Манаска тил тийгизип» кырсыкка учураган адамдардын болгондугун белгилешет. Жоокерчилик заманында эпикалык каармандардын адилеттүү күрөшүнөн эл өз мүдөөсүн, кызыкчылыгын, ой-тилегин жана келечегин көргөн. Элдик баатырларды урматтагандыктын, ыйык туткандыктын белгиси катарында өздөрүнүн жагымдуу кыялдарын алардын айланасына топтогон. Ошого жараша элдик баатырлардын жана тулпарларынын ысмына байланыштуу айтылган топонимдердин — жер-суу, тоо-таш, кокту-колоттордун аталышын түшүндүргөн мифтер кыргыз жана башкалар жерлерде көп сакталган. Айрыкча, Кыргызстанда, Казакстанда, ошондой эле Синцзянда жана башкалар чет жерлерде Манастын жана негизги каармандардын атына эл тарабынан коюлган жерлер бар. Буга Манастын күмбөзүнөн тартып Кошой-Коргонго, Манастын ордо аткан жайынан таш тулгасына, Аккуланын акырынан Каркырадагы Көкөтөйдүн ашында казылган кемеге-очоктордун ордуна, кырк чоронун күмбөзүнөн Айчүрөк-Булакка, чет жерлердеги Манас көлү, Манас-Ашуусу, Манас шаарына чейинки энчилүү атоолор күбө. Биз билген дүйнөлүк эпостордун каармандарына бул сыяктуу коюлган наамдар чанда учурайт. Айрым күмбөздөрдүн, эскерткич жайлардын, мазарлардын Манас, Семетейлердин доору, өмүр баяны менен тике же кыйыр түрдө байланышы болгондуктан, эл турмушунун, ой-санаасынын, кыялданууларынын эстелиги катарында ал каармандардын ысымында аталып калган. Азыркы мезгилде да Манастын ысымын элдин рухий байлыгынан ажыратып кароого болбойт. Кыргыз эли өз жеринде учураган белгилүү, кооз ар бир көрүнүштү, реалдуу жайларды жана көркөм чыгармаларды Манас баш болгон элдик баатырдын ысымы менен байланыштырышкан. Мисалы, «Манас» аэропорту, «Манас» району, «Айчүрөк» универмагы, «Манас», «Айчүрөк» операсы, «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмалары жана башкалар Мына ушунун өзү эле кыргыз элинин «Манасты» кол жеткис көркөм чыгарма жана өткөндүн артык эстелиги катары жогору баалап, кадырлап, сүйгөндүгүнүн айкын далили болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4