Манастын түндүккө жортуулу

Википедия дан

Манастын түндүккө жортуулу — эпостун сюжетиндеги киринди окуя, башка варианттарда айтылбайт, эпизодду Сагымбай Орозбак уулу Манастын арбагын жогорулатуу, төрт тарапка чабуул жасап, баарын жеңди деген ойду берүү үчүн атайылап кошкон. Жортуул Алмамбеттин сунушу боюнча башталат. Манаска кез келип согушкан жана жеңилген мифтик-жомоктук, ошондой эле реалдуу жашаган элдердин ичинде орустар да аталат. Бөлүмчөнүн мазмуну чыгарманын негизги темасы, элдик идеясы менен анча коошпойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4