Манас-Ашуу

Википедия дан

Манас-Ашуу — азыркы Талды-Коргон облусунун (Казакстан) чөлкөмүндөгү Тарбагатай тоо кыркасынын ашууларынын биринин энчилүү аты. Белгилүү саякатчы В. А. Обручев өз көзү менен көрүп: «Өрөөн (Зайсан көлүнүн аймагы) Саур менен Тарбагатайдын көчмөндөрүнүн турмушунда чоң мааниси болгон болуу керек. Мында дайыма таасирдүү адамдар көчүп жүрүшкөн. Ал эми Тарбагатайдын ашууларынын бири Манас-Ашуусу деп аталат. Манас — кыргыздын белгилүү эпосунун каарманы. Уламыш боюнча ал Зайсандын түздөрүндө көчүп жүргөн», — деп жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4