Манас Күмбөзү

Википедия дан

Манас күмбөзү — орто кылымга таандык архитектуралык эстелик. Талас районундагы Кеңкөл өрөөнүндө. Талас шаарынан 15км чыгыш тарапта. Күмбөз эл ичинде жана илимий адабияттарда "Манастын күмбөзү" деген ат менен белгилүү. Чындыгында Кянизяк-хатундун (чагатай эмири Абуханын кызы) күмбозү. Күмбөз Бышкан кыштан салынган, пирамида түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатыры бар, оймо-чийме терракота менен кооздолгон. 1969-жылы реставрацияланган.