Манас баатырдын алгачкы эрдиктери

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Манас баатырдын алгачкы эрдиктери — сюжеттин өнүгүшүндөгү окуялардын чиелениши, бутактанып өнүгүүсүн шарттаган баскыч.

Жакыптыкына барган Ошпур Манастын баш бербегендигин айтып, балаңарды алгыла деп өтүнөт. Зарлап жүрүп көргөн жалгыз баламды калмактардын калың жерине таштап койбой алып кел, тентек өскөн немеден санаам тынбады деп Чыйырды да наалыш кылгандыктан, Жакып Ошпурдукуна барып, уулун ээрчитип кайра тартат. Жолдо жылкылары жатчу Ак-Өтөктөн уюлгуган чаңды көрүп, карап калган Жакыптын жанына жылкычы башчысы Ыйманкул келип жер коруган калмактар жылкыларды кубалап жүргөнүн айтат.

Жакыпты көрүп жетип келген калмактар тегеректеп алып, ага кол салышат. Ыймандын колундагы укуругун ала коюп, Манас калмактардын башчысы Кортукту чокуга чапканда, башы жарылып, ал жан берет. Дагы бир нече калмакты аттан түшүрө чаап, качкандарын кууп жөнөгөндө Манас калмактардын айлына кирип барбасын деп чочулаган Жакып артынан жетип, баласын токтотот. Айланайын каралдым, алды-артыңды кара, бул жерде сенин кызырлуу кыргыз элиң жок, булар көп, сен азсың, балтыр этиң толуп, баралыңа келгенде өчүбүздү аларсың, азыр ээликпе, башчысын сойдуң, башкаларына катылба. Өлгөн калмактын кунун берип кутуларбыз деген атасына уулу: жөн эле корко бербечи, кун дегениң эмне? — дейт. Кун деп санап мал алат, ал салган малына көнбөсөң бул жердеги аз кыргыз чабылат. Акыры өзүңдү өлтүрүп тынат — деп түшүндүрөт атасы. Жаш баланын ачуусу келет: өзүлөрү кол салбадыбы, кун бербеймин, бирөөдөн коркуп, корголоп жүрүп жан сактабай эле койдум. Деги сенин түбүң ким? Бала атасынан тегин сурады. Жакып уругу кыргыз экенин, чоң атасы Ногой көп жерди башкарып турганын, анын көзү өткөндө Эсенкан жиберген көп кол элди чаап, Ногойдун балдарын туш-тушка айдаганын айтып: туугандарың чачылган, элиң алыста араң жүргөндө минтип сен эр өлтүрүп карыган кезимде курубадымбы — деп, кейийт. Манас байкабай жаман иш кылган экемин деп өкүнүп, не кыларын билбей шашып, оюна баягы кыйынчылыкта жардам беребиз деген кырк кишини алат. Көрүнөр бекен деп эки жагын элеңдеп карап турганда нарытан кызыл байрак көтөргөн кырк киши чыга келет. Аларды көрүп кубанып кеткен Манас каткырып күлүп, тигилерди утурлай жүрөт. Эмнеге күлгөнүн сураган атасына жооп бербей, алаксып, тиги келген кишилерге учурашып, мурда сүйлөшүп таанып калганы менен сүйлөшкөнгө кирет. Кырк чилтен Жакыптын көзүнө көрүнбөгөндүктөн, ага баласы өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан сыяктуу сезилет. Чилтендерге Манас калмактар өзүлөрү катылганын, чаап жиберсе бирөө өлүп калганын, атасы кайгырып жатканын баяндайт. Алар өлгөн калмактын уулу өзүңө жолдош болот, кайгырбагын, көзүңдү жум дешет. Манас көзүн жумса көп аскер көрүнөт. Чилтендерден бул аскерлер кимдики экенин сураса алар сеники дейт. Аскерлердин алдында турган адамдын аты Бакай, ага эң жакын киши экенин айтат. Манас көзүн ачса атасы жок, ал коркуп качып кетиптир. Манас Ыйманды чакырып, жылкыларды калмактардын корук жерине жайдырып жиберет. Өзү менен өзү сүйлөшүп эле жинди болуп калды деп баласынан түңүлүп, үйүнө барган Жакыптын сөзүнө кайгырып санаасы тынбаган байбиче жол караса эч нерсе көрүнбөйт. Жакыпка нааразы болгон Чыйырды баласын издеп жөнөйт. Жайылган жылкынын четинен Манасты көрөт. Баласы энесинен жай сурайт. Ал жер коруган калмактан бир канчасы өлдү, балам сөзүмдү укпай жинди болуп калды деп апкаарып, атаң үйгө барды, ошон үчүн шашып келдим, ай-талаада эмне бар, үйгө кетели дейт. Калмактар келип калса өз жаныңарды сактагыла, жылкыны ала беришсин тим койгула деп жылкычыларды калтырып, энесин ээрчитип, Манас үйүнө жөнөйт. Бая өлгөн Кортуктун сөөгүн алганы төө жетелеп келген жети калмак алардын жолунан чыгат. Тарбын дегени баланы таанып, Кортукту өлтүргөн бала ушул экенин жолдошторуна айтат. Калмактар баласы менен энесин кармап кетмек болушуп, экөөнү ортого алат, Чыйырдынын чылбырына кол сунуп, Манастын колуңду тарт, катылба дегенине болбой энесинин атын чылбырдан алып жетелемек болгон калмакты далыдан кармап көтөрүп туруп бири-бири менен урганда анысы Тарбынга катуу тийип жан берет. Катыла албай качып жөнөгөн калмактар бурут бала дагы бирди өлтүрүп салганын айтып айлына барышты. Баласын ээрчитип үйүнө келген байбиче Жакыпка көргөн-билгенин баян этти. Кызыталак калмактар, мага кызыккан экен! Кыргыз дагы кыйла журт, кырылышып көрөйүн, кырк миң жылкым бар экен, кызматына бөлөйүн — деп, бай Жакып ачууланып кайратына келди. Айлыбыздан эр өлдү, кун алууга жардамдашкыла — деп манжулуктар канатташ жашаган алтайлык калмактарга кабар бергенин, кырк үйлүү кыргызды чаап алганы жатканын Саламаттын иниси Сарбан Жакыпка айтып келет. Жакып да бөөдө өлүп калбайлы, камданышсын деп көңүлү жакындарына, айлына, алакалашып турган казак, найман, коңурат урууларына кабар айттырат. Кабар уккандар Жакып кадырлуу бай эле, талатып ийип тим жатып алганыбыз болбос — дешип, беш жүз жигит жардамга аттанышат.

Кун алмакка чогулган үч жүз манжулукка алтайлык калмактардан келген төрт жүзү кошулуп, эртеси таң менен аттанып, Жакыптын айлын бет алып келе жатышып, Кайыңдуунун өзөнүндөгү көп жылкыга кабылышты. Алтайлык калмактар бу да Жакыптын малы, баарын бизге буюрган экен дешип көп жылкыны көңтөрө тийип жөнөштү. Манжулуктун айыл башчысы Атакул алтайлыктардын ээнбаштыгына теригип, эби менен алалы, кундун да ээси болот деп жүйө сөз айтса, олжого кызыккан беркилер айып алгандыкы, кун куугандыкы, баарын жеп кетебиз — деп мойноп болушпайт. Арадан чатак чыгып, алтайлык менен манжулук эки жаат болуп кармашып калышат. Кабар угуп, кун алабыз деп Алтайдан келген дагы эки жүз киши кошулуп, алтайлыктар көбөйүп кетип, манжулуктарды сүрүп, малын талай баштайт. Айылына коргологон манжулуктун катын-балдары колдоруна канжар, бакан, бычак алып коргонуп шайы кетишти. Өлгөн Кортуктун уулу Шакум «өз кордугун көргөнчө жат кордугун көрөйүн, бакылга башым бийлетпей, акылдуу менен өлөйүн” — деп жардам сураш үчүн Жакыптын айылын көздөй жөнөйт. Айлынан чогулган алтымыш адамы менен таң ата аттанган Жакып Бадалдуунун оюна келип, алыстан көп кошундун караанын көрүп токтоп калган эле. Аңгыча алардын жанына келген Шакум бала: алтайлыктардан көп кол келип, айлымды талап жатат, жылкыңды бүт айдаганын ченеп ал десем Жакыпка болушасың деп өзүмө кол салды, ажыратып ал, айылдаш конуп, эл болоюн дейт. Жакыпка жардамга аттангандар да жете келишип, Жакыптын колу жети жүз сексен адамга толду. Чогулгандарга Жакып Шакум баланын өтүнүчүн айтып, манжулуктарды куткарып алууну бардыгы кубатташты. Урушсак го ушуну алабыз, бирок, ураанды ким деп салабыз? — деп көпчүлүк токтой калганда «Манас!», «Манас!» деп ураан салып, кула атына камчы уруп Манас бала элден бөлүнүп калмактарга ат коюп жөнөдү. Эл «Манастап» ураан чакырып, анын артынан жапырт агылды. Манас жоого аралашып, жеткен эле жерде алтайлыктардын башчысы Домабыл баатырды ыргыта коюп жайлады эле, айбатына такат кыла албай калгандары ат соорусун салып качып калышты. Куугундун эң алдында жеткенин жайлап жаш Манас барат. Куугандар жеткендеринин көбүн кыйратышты — алтайлыктардан төрт жүз он үч киши өлүм болду. Жоону түштүк жерге сүрүштү. Баласынан чочулаган Жакып Манасты токтотуу үчүн артынан кууп, асый эмес бышты, астына элдин түштү, чарчабаган бул доңуз, кандай жылкы күчтүү — деп баласы минген кула атты тилдеп, Артыштын сары кайкаңдан баласына жетип, аны токтотту.

Манас токтоп калган соң, алтайлыктарды андан ары кубалаган адам болбоду. Кол кайра тартып, манжулуктардын айлына чогулушту. Согушта өлгөндөрдүн жакындарына кайрат айтышып, Жакып жылкысынан айдатып келип, мурда өлгөн эки адам менен кийинки өлгөндөрдүн тууган-уруктарына бөлдүрүп берди. Силерге журт бололу, тууган кылып алгыла — дешкен манжулуктардын өтүнүчүн кабыл алып, мурда жоолашкандар жарашып, бир журт болушту, жаңы туугандарга атасы өлгөн Шакум баланы бий көтөрүштү. Кийинкилерге анын уругу каратоко, өз аты Мажик аталып калды. Жардамга келгендерди Жакып айлына ээрчитип барып, конок кылып, эртеси аксакалдарына ат мингизип, аягына тон кийгизип, узатты.

Баатыр өмүрүндөгү негизги иши делген чоң эрдикти жасоодон мурда балалык курагы менен өспүрүм кезинин аралыгында майда согуштарга катышып, алгачкы эрдик иши менен көзгө көрүнүшү баатырдык эпостордун сюжетиндеги туруктуу окуялардан. Чыгарманын көлөмүнө, мазмунуна ылайык алгачкы эрдиктердин мүнөзү да түрдүүчө болушу мүмкүн. «Манас» эпосунда бул белгилер бир канча майда окуялар менен чакан согуштардан турат: алтайлык калмактар менен болгон согуш; Эсенкан жиберген соодагер тыңчыларды жайлоо, Нескара менен болгон согуш: он бир дуу-дуунун балбандарынын келиши жана башкалар Сюжеттин өнүгүшүндө татаалданышында гана эмес, чыгарманын башкы идеялык багытынын калыптанышы менен ачылышында баатырдын алгачкы эрдиктери сүрөттөлгөн окуялар менен согуштардын мааниси чоң. Майда уруулар менен элдердин биримдешүүсүнүн бир чоң согуштук союзга биригүүсүнүн белгилүү бир баскычы катары кызмат кылат.

Баатырдын балалык, өспүрүмдүк учурунун качан бүтөрү жөнүндө так чек жок. Салт боюнча баатыр эрезеге жеткен курак катары он эки жаш эсептелет. Айрыкча кан шайланышы күч-кубат гана эмес, акыл-эси боюнча да эл башында турууга жарактуу болгон учур катары эсептелет. Баатыр кан шайлаганга чейинки окуяларды бүт шарттуу түрдү балалык өспүрүм курактарда иштелген алгачкы эрдиктер катары кароого болот.

Радлов жазып алган вариантта бул темага арналган системалуу окуя жок. Айрым маалыматтар гана берилет. Манас он жашында ок атып, он төртүнө чыкканда ордо чайкап кан болгону айтылат. Ошондой эле:

Алтымыш айгыр, жүз кунан

Айдап жеди Кокондон,

Сексен байтал, миң кымкап

Жеткизип алды Букардан.

Кашкардагы Кытайды

Турпан айдап чыгарды,

Турпандагы кытайды

Аксы айдап түшүрдү (Радлов жазып алган вариант, 157) делет. Бул саптардагы Кокон, Турпан, Аксыда Манастын согуштары, алым алганы жөнүндөгү маалымат баатыр алгачкы эрдиктерин көрсөткөн окуялардан кабарлап турат деп эсептөөгө болот. Бирок Манас он төртүндө кан болгону мурда айтылып, Кокон менен Букардан салык алып, Кашкар менен Турпандагы кытайларга каршы согушканы кийин келтирилгендиктен, кан шайлангандан кийинки иштелген иштер болушу да ыктымал. Эпикалык салттардын талаптары сюжеттин мындай түрдө өнүгүшүн да жокко чыгарбайт. Буга «Манастын» негизги варианттарынын айрымдарындагы сюжеттик өзгөчөлүктөр да далил.

Эпостун алгачкы окуяларындагы, айрыкча негизинен «даяр» сюжеттик курулмалар кеңири пайдаланылган баатырдын төрөлүшүн шарттап, өзгөчө сапаттарын алдын ала кабарлап турган белгилер сүрөттөлгөн бөлүмдөр Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты бири-бирине көп учурларда жакын болгону жана сюжеттин өнүгүш этаптары жалпысынан туура келгени менен Манас иштеген конкреттүү иштер сүрөттөлгөн окуялар эки манасчыда бири-бирине төп келбейт, баатырга ар бири өзүнчө иш иштетет, окуяларды өз алдынча өнүктүрүшөт. Сюжеттин системасына кирген окуялардын мааниси, көлөмү ар вариантта ар түрдүү болушу жана аларды темага бөлүүдө бири-бирине толук туура келе бербеши ыктымал. Сөз болуп жаткан эки негизги варианттын окуяларынын темаларга бөлүнүшү белгилүү деңгээлде шарттуу. Негиз катары алынган Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы сюжеттин өнүгүшүнө ылайык берилген темалар кээде Саякбай Каралаевдин вариантындагы сюжеттин өнүгүшүнө туура келбей, кээде биринде бар окуя экинчисинде жок, же башка темада берилген жана башкалар. Буга баатырдын алгачкы эрдиктеринин сүрөттөлүшү да далил. Бирок сюжеттин жалпы кабыл алынган башкы нугу жана ушуга ылайык чоң-чоң эпикалык темаларга бириктирилген салттык туруктуу өзөк окуялар эки вариантта тең сакталат.

Саякбай Каралаевдин вариантында баатырдын алгачкы эрдиктери төмөнкүчө айтылат: Ошпур Жакыпка келип баласын алып кетишин өтүнөт. Жакып Ошпурдукуна барып Манастан койду эмне үчүн көп кырдың десе, баласы ээсиз малды көп жыйып эмне кыласыз дейт. Жакыптын көп малы корук жерди жеп койду деп угуп калмактын балбаны Кочку жети жүз колу менен келип калат. Балаң Манасты бер, Эсенканга айдап кетем деп Жакыпты опузалап Кочку жылкы тиет. Манас кырк бала жолдошу болуп калмактарды бүт кырып салат. Тагылык аттуу калмак гана качып кутулуп, аны Манас көрбөй калат.

Шапак Рысмендеевдин варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, ТМВда бул окуялар Сагымбай Орозбаковдун вариантында жакын планда берилет.Багыш Сазановдун вариантында айтылбайт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4