Манас (аба майдан)

Википедия дан
Манас эл аралык аба майданы

IATA: FRUICAO: UCFM
FRU (Кыргызстан)
FRU
Location of airport in Kyrgyz Republic
Кыскача маалымат
Абалы Жарандык
Өлкө  Кыргызстан
Ээси ААК «Манас эл аралык аба майданы»
Тейленүүчү шаар Бишкек, Кыргызстан
Жайгашкан жери Чүй облусу
ДД бийиктиги 637 m / 2090 ft
Координаттары 43°03′40″ с. ш. 74°28′39″ в. д.HGЯO
Сайты www.airport.kg
Учуп-конуу тилкелери
Багыты Узундугу Төшөмү
m ft
08/26 4,204 13,793 Армобетон
Статистикасы (2019)
Жылдык жүргүнчү агымы 3,683,347 адам
Source: airport website[1].

Манас эл аралык аба майданы, рамий түрүндө ― Манас эл аралык аэропорту ― Бишкек шаарынын аба майданы.

Анын ILS системасы - ICAO CAT 2/ Туманга байланыштуу катуу кечигүүлөр болушу мүмкүн, өзгөчө алыскы рейстерге.

Ошондой эле, бул Манас транзиттик борбору. Буга чейин ал Манас аэробазасы болуп келген.

2007-жылы аба майдандан 625,500 жүргүнчүлөр өткөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу, 21%га жогору.Ошол эле жылы 23,172 тонна жүк ташылып келген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Эң атактуу кыргыз жазуучусу жана мнтллектуалы Чынгыз Айтматовдун сунушу боюнча, кыргыз эпостук баатыры Манастын артынан аталган. Аба майданга учак эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. Анын бортунда Совет премьер-министри Алексей Косыгин болгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москва-Домодедового болгон.

1991-жылы Кыргызстан Советтер Союзунан көз карандысыздыкка жетип, аэропорттун инфраструктурасы жай, бирок туруктуу түрдө төмөндөй баштаган. Он жыл бою ал кароосуз калып, аэропорттун чыгыш жагында металлолом толуп кеткен: алардын ичинде Советтик 60тай эски самолеттор, вертолеттор, аба лайнерлери ж.б. керексизделип жатышкан.

"Кыйрагыс эркиндик " операциясы башталган соң, АКШ өкмөтү өз коалициясынын өнөктөрү менен Авганистандагы операцияларды ишке ашыруу максатында аэропортту аскердик база катары колдонууга уруксат сурайт. Коалициялык күчтөр 2001-жылда сентябрлын аягында келишет. Келери менен эле аэропортто операциялар жана жабдуулар иш жүзүнө кеңири ашырыла баштаган.Кароолсуз калган самолеттор жайытка айланып, алардын ордун коалициялык учактар ээлеп, араң турган ангарлардын ордуна кыйраткыч учактар үйү тургузулган. Жүргүнчүлөр жолу боюнча аскерлер палаталарынан турган шаарча пайда болот. Питер Гансинин урматына америкалык күчтөр ал жерди "Ганси авиабазасы" деп аташат. Ганси, өрт өчүргүчтөр башчысы, 11-сентябрда Нью-Йоркто террористтик чабуулда каза тапкан. Кийинчерээк, Гансинин ордуна Манас абабазасы деген ат коюлган.

2004-жылы, жүрунчүлөр терминалынын астында жаңы автотурук курулуп, транспорттук учактарга кененирээк жер түзүлгөн.

Ошол эле учурда, коалициядан келген акчага кыргыз өкмөтү жүргүнчүлөр терминалын кеңейткен жана жаңылаткан. Аскерлер үчүн бир нече ресторандар, сувенирдик дүкөндөр, чачтарачтар пайда болгон.

2007-жылы аэропорт терминалы реконструкциялоого жана жаңылоого кабылган. Азыркы ИАТАнын FRU аттуу коду Бишкектин Советтер убагындагы Фрунзе атынан келип чыккан.

Башка кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан аба жолдорунун башкы кеңсеси аэропорттун ичинде болчу. 2002-жылы 2-январда Манас аэропортунун Кыргызстан соода агенствосунун башкы кеңсенине көчүп кетет. Буга чейин ал кеңсе да аэропортун жеке менчиги эле.

Авиажолдору жана багыттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ташырмандын
аталышы
Багыттары
Aero Asia International Карачи
Aeroflot Мөскөө-Шереметево
Aeroflot
operated by Donavia
Сочи
Aeroflot
operated by Rossiya
Санкт-Петербург
Aerosvit Киев-Борыспил
Air Astana Алматы
Avia Traffic Company Алматы, Дүйшөмбү, Исфана, Жалалабат, Мешхед[2], Мөскөө-Домодедово, Новосибирск, Ош, Санкт-Петербург, Ташкен
British Midland International Лондон-Хитроу
China Southern Airlines Үрүмчү
flydubai Дубай
Iran Air Tours Мешхед
Iran Aseman Airlines Мешхед, Тегеран-Имам Хомейни
Itek Air Мөскөө-Домодедово, Үрүмчү
Kyrgyzstan Баткен, Дели, Дубай, Дүйшөмбү, Исламабад, Ыстамбул-Ататүрк, Жалалабат, Казарман, Кербен, Красноярск, Кожон, Мөскөө-Домодедово, Новосибирск, Ош, Үрүмчү, Екатеринбург
S7 Airlines Новосибирск
Somon Air Дүйшөмбү
Tajik Air Дүйшөмбү
Turkish Airlines Ыстамбул-Ататүрк
Ural Airlines Екатеринбург
Uzbekistan Airways Ташкен
Yakutia Airlines Краснодар

Жүк ташуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ташырмандын
аталышы
Багыттары
Silk Way Airlines Бакы
Turkish Airlines Ыстамбул-Ататүрк, Шанхай-Пудоң

Абакырсыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2002-жылы 23-октябрда таңга жуук , Третьяково Аба Транспорттук компаниясы жетектеген IL-62 авиалайнери учуп чыгуу маалында учуп-конуу тилкесинин жээгинен чыгып кетип, аварияга туш болгон. Бортто жүргүнчүлөр жок болгон. Ал эми экипаждын бардык 11 мүчөсү тең жеңил гана жарадар болуп, качып чыккан. Аларды АКШнын биргелешкен аба күчтөрү жана Манас аэробазасындагы Түштүк Кореялык аскер клиникасы кабыл алган. Кыргыз персоналы ал самолеттун калдыктарын майдалап, ошол жерге калтырып коюшкан. ыйроонун калдыктары дагы деле быкшып күйүп жатканда, аэропорттук операциялар кайра калыбына келген.
  • 2004-жылдын ноябрында, жарандык жүк ташуучу Боинг 747 тескери жакка - жаңы Марсден Маттинг аттуу кыйраткыч учактардын туругуна багыт алган. Самолет аябагндай оор болгондуктан, ошол жерде такалып, учак жолун тосуп туруп калган. Аэропорттук операциялар бир нече саатка токтолгон. Кийинчерээк, трактор менен самолетту ордунан тартып чыгышкан.
  • 2006-жылы 26-сентябрда, Моска-Домодедового багыт алган Туполев ТУ-154 учар маалында жерге жаң конгон АКШ аскердик танкер менен урунушкан. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Бир канаты сынса да, аны өз жерине кайра айдап баруу колдон келди. Ал эми танкер үч киши бар, ошондой эле суюк отун менен толук эле. Ал отун тез күйүп кетип, танкер толук бойдон кыйратлган. Эки самолетто тең эч ким жарадар болгон жок.
  • 2008-жылы 24-августта Тегеранга багыт алган Итек Эйр боинги аэропорттон 3 км алыстыкта жерге кулап түшүп, талкаланган. Анда 68 адам каза тапкан. 22 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү тирүү калган. Аэропорттун өкүлүн айтымы боюнча, экипаж борттогу техникалык көйгөйлөр жөнүндө билдиришип, аэропортко кайтып баратканда, самолет жерге кулаган.
Негизги макала: Iran Aseman Airlines Flight 6895
  • 2011-жылы 28-декабрында Бишкектен учуп чыккан КЫргызстан авиялиниялары ТУ-134 Ошто конууга аракет кылган. 80 жүргүнчүдөн жана алты экипаж мүчөлөрүнөн турган самолет учуучу жолдун тышына чыгып кетип, айланып бары, от алынып кеткен. 31 адам жарадар болуп, 17госпиталдаштырылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкаркы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]