Маневр (аскердик)

Википедия дан

Маневр (аскердик) - согуш аракеттерин даярдоо жана жүргүзүү убагында мурда даярдалган милдеттин өзгөрүшүнө байланыштуу аскерлерди (флот күчтөрү) орун котортуп, кайра жайгаштыруу: душмандын өтө маанилүү объектке курал-жаракты кайра багыттоо.

Маневрдун максаты — белгилүү бир умегида (райондо), согуш болоор аймакта душманга кыйраткыч соктурyy үчүн күчтөр менен курал өңүттүү жерге топтоо, жый ноо: Маневр жасоочу аскерлердин күчүнө жанa алар аткаруучу милдетке жараша Маневр масштабы жагынан стратегиялык оперативдүү же тактикалык түрлөргө бөлүнөт. Мневр аскерлерди марш, т. ж., суу жанa аба жолу менен ташуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кырдаалга байланыштуу аскерлөр Маневрду түздөн түз согуш болор аймакта согушуу тартиби менен, согушка даярдануу же жүрүш тартиби менен жүргүзөт. Согуш аракеттеринен жүрүшүндө Маневрдун курчоого алуу, айланып өтүү жанa чегинүү сыяктуу формалары көп колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.