Манералуулук
Көрүнүш
Манералуулук – көркөм практикада – табигый жөнөкөйлүктөн ажыратылган жана жасалма, ыксыз кооз, шарттуу натыйжаларга алып келген аткаруу жана мамиле жасоо өзгөчөлүктөрү. Көп учурда сырткы натыйжа менен жатталган манерага, стилдештирүүгө умтулган же ар кандай башынан эле туура эмес көркөм ыкмаларга таянган калыс эмес мамиле М. деп аталган. М-тун эң четки көрүнүшүн азыркы мезгилдеги буржуазиялык көркөм искусствонун формалисттик практикасынан көрсө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004