Мазмунга өтүү

Манжы

Википедия — ачык энциклопедия

Манжы — Сагымбай Орозбаковдун вариантында эки мааниде: жердин (топоним) жана элдин (этноним) аты катары берилген: Кыдырттым кыйла шаарды, — Анжы менен Манжыдан, Кара-Шаар, Камбылдан, Чын-Мачындан, Кумулдан... (Сагымбай Орозбаков, 4.92). М. эпосто бардык учурларда Анжы менен бирге айтылып эпикалык топоним катары да берилет. М. менен манжу бир эле этноним болушу мүмкүн. Манжулар Кытайдан чыкканы белгилүү. «Манаста» да М. тили кытай тили менен катар эскерилет.

== Колдонулган адабияттар ==

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4