Манн Генрих
Көрүнүш
Манн Генрих (27. 3. 1871, Любек – 12. 3. 1950, Калифорния штаты, Санта-Моника) – немец жазуучусу жана коомдук ишмер. Т. Манндын агасы. Брюгер үй-бүлөсүнөн. Берлин университетинде окуган. 1933–40-жылдары антифашисттик эмиграцияда (Францияда) болгон. «Жыргал жерде» (1900), «Чын берилген» (1914), «Кедейлер» (1917) романдарынын автору. «Жек көрүү» (1933), «Кайрат» (1939) жыйнактарында, «Кылым баяны» (1946) мемуарында буржуазиялык коомду реалисттик мүнөздө сындап, фашизм менен согушту жек көргөнүн чагылдырат. «Падыша Генрих IVнүн жаш чагы жана эр жеткен жылдары» (1935–38) экилтик романында «кылыччан гуманист» тарыхый процессти ишке ашыруучу күч катары көрсөтүлөт. Чыгармалары: Сочинения. В 8 т. М., 1957–1958.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7