Манчестер университети

Манчестер университети (англ. University of Manchester) - мамлекеттик изилдөө университети болуп саналат. Ал Англиядагы Манчестерде жайгашкан. 2004-жылы Виктория университети менен Манчестер университетинин Илим жана технология институтунун бирикмесинен пайда болгон. Манчестер университети кызыл кыштан курулган жана 19-кылымдагы граждандык кыймылынан кийин жаралган окуу жай болуп саналат.
Башкы кампусу Oxford Road, Манчестердин борборунда жайгашкан. 2015-2016-жылдары университетте 39.700 студент жана 10,400 кызматкер болуп, Улуу Британиядагы окуу жайлардын чоңдугу боюнча экинчи орунда,(166 университеттин арасынан жана Опен университетин кошо алганда) жана ошондой эле бир жерде жайгашкан эң ири университеттердин бири. 2015-16-жылдары университетке жалпы саналганда £ 987,2 млн киреше кирип, анын £ 273,5 млн изилдөө гранттардан жана келишимдерден чогулган. Ал университетте Оксфорд жана Кембридж университеттеринен кийинки Англиядагы жогоркуу окуу жайлар арасында үчүнчү чоң кайрымдуулугу бар университет катары белгилүү. Бул дүйнө жүзүндөгү изилдөө университеттеринин, Расселл тобунун жана N8 тобунун мүчөсү болуп саналат. ,
Ал Манчестер музейи, Уитворт көркөм галереясы, Джон Риландс китепканасы жана Джодрелл-Бэнк обсерваториясы, ал эми анын Ловелл телескопунан 1-классына кирген.
Манчестер университети жалпы алганда 25 Нобель сыйлыгына ээ болуп, аны Улуу Британиядагы окуу жайларындагы төртүнчү эң кадыр-барктууларынын бири болуп саналат. Британиядагы башка университеттерге караганда, анда төрт Нобель сыйлыгынын лауреаттары азыркы учурда иштешет.