Манюшис, Иосиф Антонович

Википедия дан

Манюшис,Иосиф Антонович [12 (25). 12. 1910-ж. т., Мальковка кыштагы, Белоруссия, Мстиславский району] — советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. Эконоика илимдеринин доктору (1970).

1945- жылдан КПСС мучөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. В. В. Куйбышев атындагы Ленинград автомобиль жол куруу институтун бүткөн (1938).

1938—41-ж. инженердик кызматта. Улуу Ата Мекендик согушка (1941—45) катышкан. 1944—47-ж. мамлекеттик пландоо комитетинин председателили жанa Вильнюс шаараткомунун председателине орун басар, 1947—50-ж. Каунас шаараткомунун председатели. 1950—54-ж. Литва ССРинин курулуш министри. 1955—67-ж. Лит­ва КП БКнын секретары.

1967-жылдан Литва ССР Министрлер Советинин председатели. Литва КП БКнын Бюро мүчөсү. 1971-жылдан КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жогорку Сове­тинин (6—9-шайл.) депутаты. Ленин ордени, башка 4 орден жанa медалдар менен сыйланган. Балтика боюнун экономикасына арналган эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.