Маоке

Википедия дан

Маоке, Карлуу тоолор – Жаңы Гвинеянын батышында, негизинен Индонезиянын аймагында. Узундугу 700 км, туурасы 150 км. Бийиктиги 4000–4500 м, эң бийик жери – Жая чокусу (бийиктиги 5030 м; Индонезиянын эң бийик жери). Батыштан чыгышка созулган Судирман жана Жаявижая кырка тоолорун да камтыйт. Гранит, гнейс, чет жакалары кумдук, аки таш теги, сланецтен турат. Тоонун 700 м бийиктигине чейин нымдуу тропик токою, андан жогору дайыма жашыл бук жана ийне жалбырактуу токой жана шалбаа кездешет. Кар, мөңгү бар. Маоке тоосунун аймагында Лоренц улуттук паркынын бир азы (аянты 2,5 млн га, Түштүк-Чыгыш Азиянын аймагындагы эң ири коргоого алынган аймак) жайгашкан. Ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]